DOLON MEDIA

Максатка жетелеген мамлекеттик колдоо

Алсак, МинКабдын “Социалдык контракт” программасына  мал бордоп сатуу боюнча долбоор сунуштап, 100 миң сомдук кайтарымсыз колдоого ээ болгон. “Кайтарымсыз берилген акчага  10 козу, эки кой алганбыз. Азыр аларды байлап, бордоп сатып атабыз. Бир козуну сатып, 12 кап  жем, кийинки түшкөн кирешеге чөп камдап алдык. Кой-козуну саткандан кийин кайра алдардын ордун тургузуп, ортодо калган акчага балдарга …

Максатка жетелеген мамлекеттик колдоо Толугу менен »

Нарындык шахматчы дүйнөлүк чемпионатка катышып келди

Нарын шаардык балдар жана уландар спорт мектебинин машыктыруучусу Тилек Такырбашев шахмат боюнча ардагерлер арасында  Италиянын Ассизи шаарында  өткөн Дүйнөлүк чемпионатка катышып келди. Ага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 60 жаштан жогорку курактагы шахматчы ардагерлер катышкан. Ал эми Кыргызстандан эки катышуучу барса, анын бири Тилек Такырбашев, бири Бишкек шаарынан барган Таалай Иманалиев. Т.Такырбашев 65 жаштан жогору курактагы  …

Нарындык шахматчы дүйнөлүк чемпионатка катышып келди Толугу менен »

Изат бокс боюнча беттеште чемпион болду

Боксёр Андрей Курнявка атындагы Кыргызстандын кубогу үчүн Бишкек шаарында өткөн республикалык алкактагы мелдеште Изат Камчыбеков биринчи орунга ээ болуп,мадаль тагынды.   Бокс боюнча мелдешке Изат 55 килограмм салмак категориясында катышып, өзү теңдүү 16 балбандын ичинен биринчиликти багынтты. Машыктыруучусу Жанузак Абдраевдин айтуусунда, оюн жогорку деңгээле уюштурулуп, ага СССРдин, дүйнөнүн, европанын, азиянын, олимпиаданын чемпиондору конок катары чакырылган. …

Изат бокс боюнча беттеште чемпион болду Толугу менен »

Кочкор: Чоңдорду окутуу борбору ачылды

Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкана тармагында Германиянын Өнүктүрүү министрлиги, Европа  биримдиги , DVV lnternational уюму тарабынан “Билим, өнөр дүйнөсү” аттуу чоңдорду окутуу борбору ачылды.   Райондук китепкананын директору Бурулсун Султаналиева билдиргендей,  үстүбуздөгү жылдын май айынан бери китепкана DVV International Kyrgyzstan долбоору менен иштешип, алардын каржылоосу менен бул борбору ачылып, окурмандардын катары өскөн. Борбордо …

Кочкор: Чоңдорду окутуу борбору ачылды Толугу менен »

Ат-Башы: Жол тейлөө мекемесине жаңы грейдер алынды

Ат-Башы районундагы  №20 Жол тейлөө мекемесине Кытай өндүрүшүнөн чыккан  жаңы грейдер техникасы берилди.  Техника Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы “Кыргыз автожол”  ишканасы аркылуу алынып келинди. Аталган мекеме союз учурундагы жалгыз эски грейдер, кийин 2013-жылы бир жаңы грейдер алынып, эки техника айыл аралык жолдордо иштеп келген.  Бирок жолдордун абалынын начардыгынан жүргөнүнөн бузулганы көп болуп, мекемедегилерди бушайманга …

Ат-Башы: Жол тейлөө мекемесине жаңы грейдер алынды Толугу менен »

КОЧКОР: Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өттү

Мектеп окуучулар  арасында шахмат оюнун жайылтуу  жана оюнчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында шахмат оюну боюнча райондун  биринчилиги өттү.   Мелдеш  шахмат федерациясынын шарттарына ылайык “Швецардык система” боюнча өткөрүлүп,  мектептерден жалпы финалдык этапка өтүп келген 60 окуучу катышты.  Кочкор районунун биринчилигинин финалдык этаптары Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында жыйынтыкталды.  18  окуучу  мыкты оюнчу аныкталып тиешелүү даражадагы диплом жана акчалай …

КОЧКОР: Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өттү Толугу менен »

Жумгал: №26 кесиптик лицейге ашкана эмеректери алынды

Чаек айылында жайгашкан Арманбек Өмүралиев атындагы кесиптик лицейде кондитер-ашпозчу кесибин окугандар үчүн ашканага керектүү эмеректер алынды. Бул жерде учурда 25тен ашык студент билим алып жатат. Алар 10 ай окуп,  ашпозчу жана  кондитер кесибинин ээси болуп чыгышат.   Лицейге райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каражат берилип, жалпы наркы 1 млн. сомдук 15 даана ашкана эмеректери алынып берилди. …

Жумгал: №26 кесиптик лицейге ашкана эмеректери алынды Толугу менен »

Кочкор:Мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды

Кочкор районунда 5 мамлекеттик кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Райондун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 9 айында жалпы жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 19 кызматтык жана коррупциялык кылмыш иши козголуп, 5 кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылган.  Мамлекетке 20 млн. 335 миң 732 сомдук зыян кайтарылды.   Кочкор районунун прокуратурасынын демилгеси менен Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата Кочкор …

Кочкор:Мамлекеттик кызматкерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылды Толугу менен »

ТЕҢИРТООДО УЛУУ “МАНАС” БАЯНЫ ЖАҢЫРДЫ

(01/12/2022) М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу дарама театрында манасчылардын республикалык фестивалы өттү. Фестиваль манасчы Жаңыбай Кожековдун 150 жылдык мааракесин утурлай 4-декабрь “Манас” эпосунун күнүнө карата уюштурулду. Манасчы Нурбек Талантбековдун айтымында , буга чейин фестиваль өлкөнүн башка облустарында өткөрүлүп келди. Эми жыйынтыктоочу чоң маданий иш чара Баткен облусунда өтмөкчү. Жаш муундарга Манастын 7 осуятын таанытуу, …

ТЕҢИРТООДО УЛУУ “МАНАС” БАЯНЫ ЖАҢЫРДЫ Толугу менен »

МАМЛЕКЕТТИН КАМКОРДУГУ

(02.12.2022) Нарын шаары жана Нарын районунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 5782 жаран каттоодо турат. Алар дайым мамлекеттин камкордугунда болуп, быйыл социалдык жөлөкпулдардын санын эки эсеге көбөйттү. “Быйыл майыптыгы бар жарандарга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Өлкө башчынын демилгеси менен майыптыгы бар жарандарга социалдык төлөмдөрдүн алды 100 пайызга чейин көбөйдү. Алсак, мурун бала чагынан майыптыгы барларга …

МАМЛЕКЕТТИН КАМКОРДУГУ Толугу менен »