DOLON MEDIA

Дарыгерлерди даярдоого өнүктүрүү фонддон акча бөлүнөт

Нарын облусунун саламаттыкты сактоо тармагында дарыгерлердин жетишсиздик көйгөйүн чечүү максатында  25 бүтүрүүчүнү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан окутуу үчүн “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 1.5 миллион сом каражат бөлүү каралууда. Мындай демилгени облус жетекчиси көтөрүп, ар бир райондон бештен бүтүрүүчүнү акысыз окутуп берүү колго алынганын облустук жыйында билдирди. Бирок алардын келишин беш жыл күтүп отурбастан, дарыгерлерди тартуу максатында медициналык академияда учурда  2-3-курста окуп жаткан Нарындык студенттер менен сүйлөшүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырып, жер, үй маселесин чечүү үчүн өнүктүрүү фонддон каражат карап берүүнү убада кылды.

 

Нарын облусу боюнча 158 дарыгер жетишпейт. Ар бир райондо бош орундар болгону менен келген жаш дарыгерлер түзүлгөн шарттарга карабастан эки-үч ай иштеп кетип калышууда. Учурда иштеп жаткан дарыгерлердин 50 пайыздан ашыгы пенсия курагындагылар.  Өткөн жыл ичинде  облустагы медициналык мекемелерге 37 дарыгер ишке орношсо, 28 врач бошоп кеткен. Азыркы күндө11 дарыгер депозит программасы боюнча иштеп жатышат.

 

Жыйынга катышкан Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, дарыгерлердин жетишсиздиги Кыргызстан боюнча  көйгөй экенин белгилеп,  бул маселени  эрте  чечүү үчүн медициналык академияда 4-5-курста окуп жаткан  жергиликтүү студенттер менен дагы сүйлөшүп стипендия маселесин кароо сунушун айтып, “Министрлер Кабинетинин жардамы керек болсо карап көрөлү”,-деди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.