DOLON MEDIA

Максатка жетелеген мамлекеттик колдоо

Алсак, МинКабдын “Социалдык контракт” программасына  мал бордоп сатуу боюнча долбоор сунуштап, 100 миң сомдук кайтарымсыз колдоого ээ болгон.

“Кайтарымсыз берилген акчага  10 козу, эки кой алганбыз. Азыр аларды байлап, бордоп сатып атабыз. Бир козуну сатып, 12 кап  жем, кийинки түшкөн кирешеге чөп камдап алдык. Кой-козуну саткандан кийин кайра алдардын ордун тургузуп, ортодо калган акчага балдарга кийим-кече, азык түлүк, көмүр алып, үй-бүлөлүк керектөөбүзгө жарап атат. Мурда эки балага жөлөк пул алчумун. Мамлекет жакшы эле мүмкүнчүлүк түзүп берди. Болбосо жөлөк пул жетмек эмес.

Мал менен иштеген жакшы эле экен. Кээде семиз койду союп айлыкка таратып, кайра чогултуп алып атам. Семиз кой издеп келип, алгандар дагы болот экен. Телеграмм канал аркылуу дагы жарнамалап жатам”,-деди Э.Дүйшөнбаева.

Чакан ишкерликтин, жолун таап алган үй-бүлө айылдагы үлүш жерин быйыл иштетип жем-чөбүн кенен камдап, койдун санын көбөйтүп, жөн эле кой албастан арашан, гиссар тукумундагы кой алып төлүн көбөйтүүнү пландап жатышат. Ошондой эле Элнура айым эчки, индюк дагы алып багууну ойлоп жатышканын кошумчалады.

“Эми эчки кошуп баксак деп ойлонуп жатам. Эчки баа болбогону менен тыбыты менен сүтүнө кызыгып жатабыз. Өзүбүз ичип-жебестен койлорубузду көбөйтүп алсак, буюрса. Арашан жана гиссар тукумундагы койлорду баксак жакшы болчудай. Бир “арашан” коюбуз бар тукумун алып калсак деп атабыз. Мындан тышкары тоок, индюк дагы бага берсек болгудай, жумурткасы, эти канча баа. Муну дагы жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жатабыз. Жаз алды менен сарайларды оңдоп-түздөп, кеңейтип салабыз, буюрса”,-деди.

Маалымат үчүн белгилесек жөлөк пул алуучуларга Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүү программасына алгач Нарын облусунан Жумгал району пилоттук катары киргизилген. Кийин бул долбоор облус боюнча жайылтылып ар бир райондон 50дөн үй-бүлө тандалып алынып, каржылоо жүргүзүлгөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.