64 чөлкөмүндө мыйзамсыз курулуштар бузулууда
Нарын шаарынын 64 аймагында Нарын дарыясынын жээгине салынган мыйзамсыз курулуштар бузулуп, орду тазаланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан алынды. Бул чөлкөмдөгү 15 склад, гараж, 13 темир тосмолор менен мыйзамсыз тосулган жеңил курулуштар шаардык муниципалдык менчикти башкаруу ишканасы тарабынан бузулуп жатат. Жер аянты тазалангандан кийин жээктин инфраструктурасын жакшыртуу, коопсуздандырып, тийиштүү шарттары менен аллея салуу долбоорлонууда. …