DOLON MEDIA

Жан дүйнө

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев бүгүн, 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. “Кечки троллейбус”, “Замандаштын дүйнөсү”, “Жарыктын ыры”, “Эки аска” өңдүү ондогон китептердин автору Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны. 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун …

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты Толугу менен »

Нарында Адабият күнү белгиленди

12-декабрь өлкөбүздө Адабият күнү катары белгилүү, бул күн Нарын облусунда да белгиленди. Аны менен катар залкар жазуучу Ч. Айтматов көзүү тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Буга улай Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Жаш артисттердин аткаруусунда Айтматовдун каармандары менен “Мен жашагым келет” атуу иш чара өткөрүлдү. Жаш артисттер булар Нарын районундагы …

Нарында Адабият күнү белгиленди Толугу менен »

Жазмакерлердин арасында “Алтын калем” сыйлыгына сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу менен бирдикте чыгармачыл адамдардын арасында сынак жарыялайт. Анда белгилүү болгондой таланттуу адамдардын жаш курагы чектелбейт. Чыгармалар котормо, сындан баштап баардык адабий жанрларда кабыл алынарт. Конкурстук чыгармалар жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын 20-ноябрына чейин кабыл алынат. Конкурстук чыгармаларды окуп чыгуу жана баалоо 25-ноябрдан …

Жазмакерлердин арасында “Алтын калем” сыйлыгына сынак жарыяланды Толугу менен »

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди

20 дан ашык күүлөрү бар искусство илимдеринин кандидаты, залкар комузчу Руслан Жумабаевдин элесин унутпоо үчүн Нарын шаарындагы Ж. Шералиев атындагы искусство мектебинде класс ачылып, эми комузчунун күүлөрүн окуучуларга үйрөтүп башташат. Мектепте окуган 220 баланын 102си комузга келишет деген мектеп директору Жанарбек Абдуразаков Руслан Жумабаев эгемендүү Кыргызстандагы залкар күүчү, комузчулардын сап башында турат деген пикирин билдирди. …

Нарындык залкар комузчу Руслан Жумабаев  эскерилди Толугу менен »

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду

СССР дин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган «Бакен» спектакль Нарын академиялык музыкалык театрынын көркөм кеңеши тарабынан жактырылды. Драматург Жаныш Кулманбетовдун «Талант жана тагдыр» драмасынын негизинде даярдалган спектаклдын режиссеру Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнин 4-курсунун студенти Гаухар Ажигулова, ассистенти КРнын Эмгек сиңирген артисти Жумабек Мадемилов. Театрдын жетекчилигинен билдиришкендей, режиссер –студент алгачкы эмгегин  теңиртоолуктарга  7-апрель күнү …

Нарын театрында жаңы спектаклдин бет ачары болду Толугу менен »

“Жылдыздуу жээк” түрк дүйнөсүндө

“Чыныбай Турсунбеков атындагы” фонд жаш акындарды колдоо үчүн акыркы эки жылда “Жылдыздуу жээк” фестивалын өткөрүп келишкен. Эми аталган фестиваль жаңы деңгээлге чыкты. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындардын ортосундагы байланышты чыңдоо, чыгармаларын кеңири таратуу үчүн аянтча пайда болду. Жакында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында беш тараптуу Меморандумга кол коюлду. Меморандумга Кыргыз Республикасынын Мааният, …

“Жылдыздуу жээк” түрк дүйнөсүндө Толугу менен »

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы?

Мындан он жылдай мурун интернет айдыңында кыргыз тилиндеги кызыктуу сайттарды табуу машакаттуу иш эле. Ошондо менде кыргыз окурмандарына жардам иретинде кыргызча сайттардын каталогун түзсөмбү деген ой пайда болуп, аракет көрө баштаган элем. Учурдагы бул сайтымдагы каталог ошонун негизинде жасалган. Аны ондоп жаткандагы бир кейиштүү ачылышым менен бөлүшөйүн дедим. Илгери каталогду түзүп жатканда кытайлык кыргыздардын көп …

Кытайлык кыргыздардын сайттары азайганбы? Толугу менен »

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары

2010-жылдары “Кыргыз маданият борбору” сайтымды жаңыдан ачып иштетип жатканымда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзгөнгө аракет кылдым эле. Ошондо айрым акындарыбыздын жеке сайттарын көрүп катуу кубанган болчумун. Алар Алтынбек Исмаиловдун, Муса Мураталиевдин, Аалы Туткучевдин, Айтмырза Абылкасымовдун сайттары болчу. Кыргызча “сүйлөгөн” сайттар аз кезде, акын-жазуучуларыбыздын интернет айдыңын өздөштүрүүгө аракеттери келечектен көптү үмүттөндүрөт эле. Бирок… Акын-жазуучуларыбыздын сайттары андан …

Кыргыз акын-жазуучуларынын сайттары Толугу менен »

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак

Бир кезде New Time журналы жарыялаган сынакты биз дагы жарыялап көрөлү деп чечтик. Ал сынакка катышкан айрым чыгармалардын котормолору менен “КЫСКА-НУСКА” каналынан тааныша аласыздар (#55сөз хештеги менен белгиленгендер). 👉 Сынактын шарттары: – Сынактын аталышында эле айтылып тургандай, чыгарма 55 сөздөн турушу керек; – Чыгармада сюжеттин тактыгы, каармандардын элестүү болушу жана чыгарманын күтүүсүз аякталышы зарыл. – …

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак Толугу менен »

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм

Бүгүн мен урматтаган акын, сынчы, журналист, аналитик, саясий серепчи, мекенчил, жана да баарынан мурда Жакшы Адам Жыргалбек Касаболотов досумдун менин чыгармачылыгым тууралуу сын макаласы менен бөлүшөйүн дедим. Жыргалбекте мен урматтаган сапаттардын бири – калыстыкка келгенде жакыным, досум дебегени, болгонун болгондой айтканы, бирок ошол эле учурда достукка бекем болгону, досунун башына мүшкүл түшсө, акыркысын бергенге даяр …

Жыргалбек Касаболот: Таш бетиндеги тамчылар/ Акын Марат Токоевдин чыгармачылыгына сүртүм Толугу менен »