DOLON MEDIA

20 тез жардам унаасына муктаждык бар

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын базасында  27 тез жардам унаасы болсо анын 17 си  иштеп, калган ону бузук абалда.

 

“Тез жардам кызматынын автопаркы эскилиги  жеткен. Мамлекеттин жана министрликтин колдоосу менен жаңы унаалар келип буюрса четинен жаңыланып келе жатат. Негизинен дагы 20 тез жардам унаасына муктаждык бар”,-деди оорукананын деректири Чынгыз Нарынбеков.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган  33 тез жардам унаасынын экөө Нарын облустук бириктирилген ооруканасына берилди. Бул жардам облус калкынын саламаттыгы үчүн жакшы колдоо болду. Унаанын ичи бейтапка биринчи жардам көрсөтүүгө керектүү аппараттар  менен толук жабдылган.

 

Эске салсак, 1-февралда Президент  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 100 өрт өчүрүүчү унаа жана Саламаттыкты сактоо министрлигине  33 тез жардам унаасын тапшырган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.