DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Кочкордо изделип жаткан кыз табылды

Кочкор районунда дайынсыз жок болуп изделип жаткан 16 жаштагы өспүрүм табылды. Бул тууралуу Нарын облустук ички ищтер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, издөө иштеринин жүрүшүндө өспүрүм кыз Жумгал районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Нарында биринчи жолу “Балет менен жолугушуу”

Бүгүн, 13-майда Нарын шаарында  биринчи жолу СССРдин  эл артисти Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы “Балет менен жолугушуу” деп аталган концерт беришти. Ошондой эле окуу жайга 2025-2026-окуу жылына балдарды кабыл алуусун Нарын шаарында өткөрдү. Ага аталган окуу жайда билим алган 60тан ашык окуучулар жана студенттер катышып, дүйнөлүк жана кыргыз классиктеринин музыкаларына бий өнөрлөрүн тартуулашты. …

Нарында биринчи жолу “Балет менен жолугушуу” Толугу менен »

16 жаштагы кыз изделүүдө

Кочкор районунда алты күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 12-май күнү райондук ички ишер бөлүмүнө Төлөк айылынын  тургуну “7-май күнү саат болжол менен 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызым Эркинбекова Айжамал  үйдөн Кочкор айылына  чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатат, кызымды …

16 жаштагы кыз изделүүдө Толугу менен »

Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго төрөт үйүн куруп берди

Ташиевдердин үй-бүлөсү өз эсебинен 570 млн сомго Эне жана баланы коргоо борборун куруп, мамлекетке өткөрүп беришти Сузак районунун Чокмор айылында райондор аралык Алийма Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борбору ачылды. Иш-чарага өлкө башчысы Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Бул борборду Ташиевдер өздөрүнө таандык болгон мунай базасын сатып, 570 миллион сомдук жеке …

Ташиевдердин үй-бүлөсү 570 миллион сомго төрөт үйүн куруп берди Толугу менен »

Кыргызстанда эки жаңы министрлик түзүлдү

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин, министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрликти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду: Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды жүктөө менен Агартуу министрлиги; Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку …

Кыргызстанда эки жаңы министрлик түзүлдү Толугу менен »

83 жыл мурун жазылган күндөлүк кантип Нарынга келип калган?

“Бүгүн, 16-апрель 1942-жыл. Мен бүгүндөн баштап күндөлүк жаза баштадым.  Жаз келип Ленинград жанданды. Кечээтен баштап трамвай жүрө баштады. Бул биз үчүн аябай кубанычуу. Апам экөөбүз трамвайга түштүк. Билетин сактап койдум” деп башталган күндөлүк 26 гана күндү камтыйт. Ал  баасы 35 тыйындык 321-сериядагы бир багыттуу трамвай билетин күндөлүккө тиркеп койгон. Ленинград блокадасына туш болгон баланын күндөлүгү …

83 жыл мурун жазылган күндөлүк кантип Нарынга келип калган? Толугу менен »

Согуш арадгерине 100 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Өлкө аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери жашайт. Алардын катарында 1 согуштун майыбы, 13 согуштун катышуучулары, 7 концлагерлердин туткундары жана 11 Ленинград блокадасынын катышуучулары бар. 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуу Ата …

Согуш арадгерине 100 миң сомдук колдоо көрсөтүлдү Толугу менен »

Нарында эки ирет жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 12:38де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 5,5 магнитудасына жеткен экинчи жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдарында 5 балл, Байгөнчөк, Үгүт, Ак-Талаа, Кара-Ой, Кадыралы, жана Нарын районунун Жылан-Арык, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Нарын районунун Учкун, Шоро, Баетов, 8-Март, Куланак жана Жумгал районунун Миң-Куш …

Нарында эки ирет жер титиреди Толугу менен »

Ат-Башы: 210 спортчу катышкан республикалык мелдеш

Ат-Башы районунда дзюдо күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Республикалык алкакта мелдеш өттү. Бул спорттук мелдеш Ишеналы Турганбаевдин жаркын элесине арналып, ага 210 спортчу катышты. Республикалык мелдештин ачылышына район акими Эмилбек Абдыкадыров катышып, “дзюдо” күрөшүнүн райондо кеңири жайылышына М.Өмүракунов атындагы балдар-уландар спорт мектебинин жалпы жамаатынын эмгеги зор экенин белгилеп, спорттун  бул түрүнө кызыккан жаштардын саны көбөйүп, дени …

Ат-Башы: 210 спортчу катышкан республикалык мелдеш Толугу менен »

Нарын шаарына 20 миллион сомго панорама курулат

Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү тоо кыркасына панорамалык эс алуу жайы курулат. Учурда панорамалык кароо жайынын долбоору толук даярдалып бүткөнүн Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Панорамалык эс алуу жайын куруу долбоору жалпы 20 миллион сомго  бааланып, демөөрчүлөрдүн эсебинен салуу каралууда. Ал эми панорамага чыга турган тепкичтерин куруу иштери Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында каржылоо пландалууда. Панорамалык …

Нарын шаарына 20 миллион сомго панорама курулат Толугу менен »