DOLON MEDIA

КОЧКОР: Өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өттү

Мектеп окуучулар  арасында шахмат оюнун жайылтуу  жана оюнчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында шахмат оюну боюнча райондун  биринчилиги өттү.

 

Мелдеш  шахмат федерациясынын шарттарына ылайык “Швецардык система” боюнча өткөрүлүп,  мектептерден жалпы финалдык этапка өтүп келген 60 окуучу катышты.  Кочкор районунун биринчилигинин финалдык этаптары Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында жыйынтыкталды.  18  окуучу  мыкты оюнчу аныкталып тиешелүү даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Аким Э.Омошев өзү дагы бир катар мыкты оюнчулар менен оюн өткөрүп, аларга  өз белектерин тапшырды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.