DOLON MEDIA

Жумгал: №26 кесиптик лицейге ашкана эмеректери алынды

Чаек айылында жайгашкан Арманбек Өмүралиев атындагы кесиптик лицейде кондитер-ашпозчу кесибин окугандар үчүн ашканага керектүү эмеректер алынды. Бул жерде учурда 25тен ашык студент билим алып жатат. Алар 10 ай окуп,  ашпозчу жана  кондитер кесибинин ээси болуп чыгышат.

 

Лицейге райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каражат берилип, жалпы наркы 1 млн. сомдук 15 даана ашкана эмеректери алынып берилди.

 

Маалымат үчүн айтсак, аталган окуу жай 1968-жылы Кочкор районундагы №15 лицейдин филиалы болуп ачылган. 1995-жылы кесиптик лицей статусуна ээ болуп, билим берүү тармагына эмгек сиңирген Арманбек Өмүралиевдин ысымы ыйгарылган. 50 жылдык тарыхы бар окуу жайда учурда 170 окуучу билим алса, аларга 60дан ашуун педагогдор сабак беришет. Окуу жайда 10 айдан 2 жылга чейинки мөөнөттө билим берилип, ашпозчу-кондитер, тигүүчү, электр ширетүүчү,  АЧК машинист жана айыл чарба өндүрүштүк фермер кесиби боюнча билим берилет. Лицейдин имараты көп жылдан бери капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн эмс, буюрса  быйыл республикалык бюджетке сунушталып, келерки жылы имарат толук кандуу капиталдык оңдөп түзөөдөн өтөт.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.