DOLON MEDIA

Кочкор: Чоңдорду окутуу борбору ачылды

Кочкор райондук Исабек Исаков атындагы маалыматтык китепкана тармагында Германиянын Өнүктүрүү министрлиги, Европа  биримдиги , DVV lnternational уюму тарабынан “Билим, өнөр дүйнөсү” аттуу чоңдорду окутуу борбору ачылды.

 

Райондук китепкананын директору Бурулсун Султаналиева билдиргендей,  үстүбуздөгү жылдын май айынан бери китепкана DVV International Kyrgyzstan долбоору менен иштешип, алардын каржылоосу менен бул борбору ачылып, окурмандардын катары өскөн. Борбордо узчулук, чебер колдор, компьютердик клуб, тигүүчүлөр клубу бар. Долбоор аркылуу окутуу борборуна 344 миң сом каржыланып, Япон өндүрүшүнөн чыккан тигүү машинасы, ноутбук, камера, стол, стулдар  алынган.

 

“Билим, өнөр дүйнөсү” аттуу клубдун   катышуучулары Какен Мурсалиева  жана Макежан Алымкулова мастер-класс көрсөтүштү.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.