DOLON MEDIA

Кылмыш

Бишкектин соту “24.kg” агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды

Бишкек шаар соту “24.kg” маалымат агенттигинин кылмыш иши боюнча маалыматтарды ачык жарыялоого тыюу салган тергөөчүнүн аракетин жокко чыгаруу боюнча апелляциялык доо арызын карады. Маалымат агенттиги кабарлагандай, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Адвокат Нурбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, “24.kg” агенттигинин жетекчилиги тергөөчүнүн басылмага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол койдурганы мыйзамсыз …

Бишкектин соту “24.kg” агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды Толугу менен »

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин …

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду Толугу менен »

Жамгырчиев парламент имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп, тергөөчүлөрдөн качып кетти

9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деген бүтүм чыгарды. Ушул эле күнү УКМКнын тергөөчүлөрү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда ал фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй кеткенин ишенимдүү булактар …

Жамгырчиев парламент имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп, тергөөчүлөрдөн качып кетти Толугу менен »

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 6-январь күнү үйдүн короосундагы дааратканадан 53 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Ал 11-ноябрдан бери дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан. Кылмышка маркумдун 26 жаштагы уулу шектелүүдө. Ал сурак учурунда арак ичкен атасы менен чырдашып, аны түртүп жибергенде чалкасынан жыгылып, эс-учун …

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды Толугу менен »

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди. Маалыматка ылайык, Абдылдаевге “инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация” деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган. 29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили …

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди Толугу менен »

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 26-декабрда сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде Чүй облусундагы 40тан ашуун күрөөканалардын ишин текшерди. Атайын кызмат тараткан маалыматта күрөөкана ишмердиги боюнча мыйзамдын, лицензиялык докмументтер, күрөөгө койгон мүлктөр боюнча талаптардын аткарылышы жана каражат булактары текшерилди. Жыйынтыгында ломбарддын жетекчилери үстөк пайызын төмөндөтүү боюнча милдеттенме алышты. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын …

УКМК кырктан ашуун күрөөкананын ишин текшерди Толугу менен »

Ташиев ломбардардын ишине “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев күч органдарынан өлкөдөгү күрөөканаларга “өзгөчө көңүл бурууну”  тапшырды. Бул тууралуу ал 25-декабрда атайын кызматтын Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратын ачып жатып айтты. Ташиевдин айтымында, ломбарддар – 2023-жылдагы акыркы негизги тапшырмалардын бири. Ал күрөөканалардан карапайым калк жогорку пайыз менен насыя алып, натыйжада мүлкүнөн ажырап калып жатканын белгиледи. …

Ташиев ломбардардын ишине “өзгөчө көңүл бурууну” тапшырды Толугу менен »

Сот Назарбаевдин инисин абактан шарттуу түрдө бошотуудан баш тартты

Чыгыш Казакстан облусунун соту Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты. Сотто Кайрат Сатыбалдынын абактан шарттуу түрдө бошотуу боюнча доо арызы каралды. BES.media Телеграм каналынын маалыматына ылайык, судья соттолгон адам буга чейин эреже бузганын жана туруксуз жүрүм-туруму бар экенин айткан. Ошондуктан сот эркинен ажыратуу жазасын эркиндигин чектөө менен алмаштыруудан баш …

Сот Назарбаевдин инисин абактан шарттуу түрдө бошотуудан баш тартты Толугу менен »

Арстан Алай табылды

Өзүн “жаңы Кудай” деп атаган, Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган Арстанбек Абдылдаев УКМК СИЗО сунан табылды. УКМК нын маалымат кызматы 15-декабрда билдиргендей ал КЖК нин 330 беренесинин 1- бөлүмү (диний кастыкты козуткан) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал эми анын туугандары ушул жылдын 14-декабрында ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча белгисиз экендигин билдиришип, жашаган дареги …

Арстан Алай табылды Толугу менен »

Маданият министрлиги “Фейк” мыйзамы боюнча 20 арызды карады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда быйыл жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча түшкөн 77 арыз боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде министрликте 2023-жылы 20 кайрылуу каралган. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Маалыматтын толук эместигине байланыштуу төрт арыз каралган эмес …

Маданият министрлиги “Фейк” мыйзамы боюнча 20 арызды карады Толугу менен »