DOLON MEDIA

Сүрөт баян

Сүрөт баян: Муз аянтында жаштар акысыз муз тебишти

Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы заманбап муз  аянты Нооруз майрамына карата эки күн бою акысыз кызмат көрсөттү. Эл аралык талапка жооп берген хоккей аянтын курууга Нарын шаардык мэриясы 62 сотых жер аянтын бөлүп берген.  Курулуш иштери 2015-жылдын күз айында башталган. Имарат жеңил конструкция менен салынган жана музду жылмакайлап туруучу атайын техника сатылып алынган.

Сүрөт баян: Нарын шаарында Нооруз майрамы белгиленди

21-мартта Нарын шаарынын аянтта Нооруз майрамы белгиленди. Аянтка миңге чукул адам чогулуп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программага күбө болушту. Майрамдын иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов жана шаар мэри Канболот Тутуев катышты. Концерттик программада балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана ыр-бийлер тартууланды.