DOLON MEDIA

Автордук колонка

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар

Өлкөнүн бардык аймактарда 9-майда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата эскерүү митингдери өтөт. Учурда Нарын облусунда дагы Улуу Жеңишти белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Нарын шаарында эскерүү иш-чарасы  “Тянь-Шань” паркындагы  “Өчпөс отто” белгиленип, №2025  аскер бөлүгүндө “солдат боткосу” берилет. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан 19 миң 237 жоокер катышкан. Алардын ичинен   8 миң 104 …

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар Толугу менен »

Сүрөт баян: Белдемчи-байыркы доордон бери келе жаткан кийим

Белдемчи- аялдардын төрөп түшкөндөн кийин белден ылдый тартылуучу сырткы кийими. Ал баркыт, нооту жана башка кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолуп,  жазда, күздө, айрыкча кыш мезгилинде тартынышкан. Белдемчи кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү, түсү боюнча айырмаланып,  анын кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулку боюна, жараша тигилет.  Илгертен …

Сүрөт баян: Белдемчи-байыркы доордон бери келе жаткан кийим Толугу менен »

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында токсонго чукул адамдын өмүрү кыйылган Апрель революциясына быйыл 13 жыл болду. Бүгүн, 7-апрелде эскерүү иш чарасы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань” паркында апрель окуясында курман болгон  баатырлардын  элесине арналып тургузулган эстелик алдында өттү. Эскерүү иш чарасына облустук, райондук, шаардык бийлик төбөлдөрү, Апрель баатырлары, анда курман болгондордун жакындары жана бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлери …

Сүрөт баян: Апрель курмандыктары эскерилди Толугу менен »

Сары майды экспортко чыгарууда көйгөй бар

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин базасындагы  JICA уюмунун колдоосу менен  ачылган лабораторияда сары май даярдалууда.  Атайын таңгактарга куюлуп сапаты толук стандартка жооп берген бул азыкка суроо-талап жогору. НМУнун айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча технологу Искра Акылбекованын айтуусунда, JICA уюмунун “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун экспертине  сары майдын уникалдуулугу тууралуу маалымат берилип, аны менен биргеликте толук изилденип, …

Сары майды экспортко чыгарууда көйгөй бар Толугу менен »

Кочкор: “Топураксыз дыйканчылык” ыкмасы менен кулпунай өстүргөн Орозбек

Нарында “эч нерсе өспөйт” деген  ой калыптанып калган тениртоодо жердин шартына жараша жаңы ыкмаларды колдонуп жана колдо болгон мүмкүнчүлүктү туура пайладанса бардык  жашылча-жемиш, өсүмдүктөр өсөт,-деген  Орозбек Салмоорбеков өткөн жылы  кулпунайдын “альбион” сотун тестик режимде  отургузуп 700 килограмм түшүм алган. Быйыл май айынан баштап кеч күзгө чейин 2 тоннага чейин түшүм алууну пландап жатат. Жаш фермер …

Кочкор: “Топураксыз дыйканчылык” ыкмасы менен кулпунай өстүргөн Орозбек Толугу менен »

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы

Миң-Куштун Туюк-Суу аймагындагы уран калдыктарын көчүрүү иштери быйыл башталганы турат. Кыштактын тургуну Ратбек Кожомуратовдун айтымында, уулуу зат жүктөлгөн машинелер айылды аралап өтөт. Буга айыл эли каршы болууда. «Жолго уран калдыгы түшпөйт деп ким кепилдик берет. Анткени ушул жол аркылуу балдарыбыз сабакка барат. Алардын саламаттыгына түздөн-түз таасирин тийгизет да», – дейт Кожомуратов. Миң-Куш айылында 4 миңге …

Жумгал: Миңкуштуктар уран калдыктарын көчүрүүгө каршы Толугу менен »

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет

Нарын шаарынын  Ленин атындагы борбордук жолун талапка ылайык келтирүү менен туурасын 15 метрге кеңейтүү, С. Орозбаков көчөсүн Жаңы-Жол аймагына чейин улоо жана ички көчөлөрдү асфальттоо боюнча долбоорлоо жумуштары башталды. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, буга чейин топографиялык изилдөөсү (топосеьемка) алынып, болжолдуу даярдалган долбоорду толуктоо менен иш алып барылат. Долбоордо жалпысынан 29 чакырым …

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет Толугу менен »

Сурамжылоо: Нарында саркынды сууну тазалоочу жайга жакын жашаган тургундардын ден соолугу начар

Нарын шаарындагы саркынды сууну тазалоочу жайга жакын жашаган тургундардын көпчүлүгүнүн баштары ооруйт. Бул тууралуу  “Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы жана экологияга тийгизген таасири” деп аталган долбоор жана “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду. Ага ылайык, сурамжылоого сууну тазалоочу жайга жакын жашаган 18 жаштан 70 жашка чейин 60 тургун катышкан.  Долбоордун …

Сурамжылоо: Нарында саркынды сууну тазалоочу жайга жакын жашаган тургундардын ден соолугу начар Толугу менен »

Аймактык гезиттердин редакторлорунун кайрылуусу

Бүгүн, 15-мартта облустук гезиттердин башкы редакторлору облустук гезиттердин жоюлушу боюнча КабМиндин токтом долбоорунун элдик талкууга коюлушуна пикирин билдиришип, кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууда облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндөгү Министрлер Кабинетинин токтомунун жалпы элдик талкууга коюлушу анда иштеген журналисттерди бушайманга салганы айтылып, коомчулуктун арасында да кызуу талкууну жаратып жаткан бул токтом долбоорун элдик талкууга чыгарбай эле токтотуп …

Аймактык гезиттердин редакторлорунун кайрылуусу Толугу менен »

Теңир-Тоодо жазгы талаа иштери качан башталат?

Учурда Нарын облусунун аймагында  суук болуп,  кар кете элек болгондуктан, жазгы талаа иштерине даярдыкты толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок талаачылык иштери башталганга чейин техникалар ремонттолуп, толук даярдалат,-деп билдиришти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Экономика жана регионду өнүктүрүү бөлүмүнөн. Нарын облусундагы 25 техникалык тейлөө сервистери жаз, күз мезгилдеринде айылдык товар өндүрүүчүлөргө кызамт көрсөтүп …

Теңир-Тоодо жазгы талаа иштери качан башталат? Толугу менен »