DOLON MEDIA

Компьютердик томограф аппараты пайланууга берилди

Нарын облустук бириктирилген ооруканасына салынып жаткан Компьютердик томография  имаратынын курулушу бүтүп, ичине  мультиспиралдык копьютердик томограф (КТ) аппараты орнотулуп тестик режимде пайдаланууга берилди.

 

Бүгүн, 2-февралда КТ имараты ачылып,  ага облус башчысы баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышып, теңироо элинин саламаттыгы үчүн кызмат кылган жай болушун айтып, жалпы журтка ден соолук тилек кылышты.  Имараттын курулушу мындан эки жыл мурун башталып,  4 миллион 331 миң сомго бүттү.

 

“Коронавирус пандемиясында бейтаптардын өпкө органынын канча пайызы инфекциядан жабыркаганын  изилдеш үчүн  КТ аппарат аябай керек болгон. Ошол учурда  кыргыз өкмөтү республика боюнча  беш КТ аппарат бөлүнүп берерин, аны орнотконго имарат дайындоону тапшырган. Бирок  Нарында имараттар эски, бош имарат болбогондуктан  жаңы имарат куруу чечими чыгарылган.  Имаратка  оорукананын короосунан жер таап  демөөрчүлөрдүн жардамы менен курулушту  баштаганбыз.  Президенттин Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 1 миллион 100 миң,  Ага Хан фондусунан  1 миллион  270 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары оорукананын  жамааты  230 миң чогулттук, башка демөөрчүлөр 350 миң  сом  колдоо көрсөтүштү. Азыркы учрда курган фирмага 1 миллион 400 мин сом карызыбыз бар. Ага карабастан фирма курулушту толук аягына чейин бүтүрүп берди”,-деди Нарын облустук бириктирилген оорукансынын башчысы Чынгыз Нарынбеков.

 

Ал эми мультиспиралдык копьютердик томограф  аппараты  Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзгөн долбоордун  алкагында берилген.  Аппарат кытай өндүрүшүнөн чыккан, наркы 28 миллиион 600 миң сом. Изилдөө баасын Антимонополия комитети менен  Саламаттыкты сактоо министирлиги бирге  иштеп чыккан, башкача айтканда бир изилдөө 2630 сомдон 2960 сомго чейин  жүргүзүлүп, баш сөөк, ички орган, өпкө жана бел омурткалары тартылат.

 

“Бирок аныктамасын окуу үчүн Нарында врач табыш өтө кыйын. Ал үчүн беш жыл окуп келиш керек. Азыр бул боюнча Бишкек менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бул жерден биз тартып  интернет менен жөнөтсөк,  изилдөө жүргүзүп, диагнозун аныктап берип турушат. Тарта турган  үч лаборантты окутуп келдик”,-деп кошумчалады Ч.Нарынбеков.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.