DOLON MEDIA

Коом

Нарын: Аз камсыз үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түштү

Нарын районунда 10 миң 242 түтүн  аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлө бар. Алар үчүн айыл өкмөттөр күз-кыш мезгилине көмүр отунун жеткирип берет. Бүгүнкү күнгө карата  Жан-Булак жана Миң-Булак айыл өкмөттөрүндөгү үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр  таратылып берилди. Маалымат үчүн айтсак, быйылкы күз-кыш мезгилине  районго жалпы 17 миң 359 тонна кара алтын керектелет. Мунун ичинен  13 миң …

Нарын: Аз камсыз үй-бүлөлөргө 50 тонна көмүр түштү Толугу менен »

Аз камсыз карыларга 500 сомдон миң сомго чейин материалдык жардам берилди

Нарын шаары боюнча  70  жаштан 100 жашка чейинки курактагы  1 миң 742 улгайган адам  бар. Алардын  ичинен 351и 80 жаштан 100 жашка чейинкилер. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, жергиликтүү бюджеттен жалгыз бой, аз камсыз, үйүнөн тейлөөгө муктаж  болгон  16  кары адамга миң сомдон   материалдык колдоолор берилди. Ошондой эле 80 жаштан 90 жашка чейинки 97 …

Аз камсыз карыларга 500 сомдон миң сомго чейин материалдык жардам берилди Толугу менен »

1-октябрь- Эл аралык карылар күнү

Карылар күнүн утурлай 15-сентябрдан 15-октябрга чейин “Карыларга камкордук жана көңүл буруу” деп аталган ураан алдында бир айлык жарыяланган. Учурда жер-жерлерде бир айлык алкагында материалдык, моралдык, медициналык жардам көрсөтүү багытында  бир катар иш-чаралар өтүүдө. Бүгүн, 1-октябрь –Карылар күнүнүн урматына  облус  боюнча 100 жаштан ашкан 18 карыга   өкүлчүлүктүн  резервдик фондунан 5 миң сомдон каражат которулуп берилди. Нарын …

1-октябрь- Эл аралык карылар күнү Толугу менен »

Казакстандын аймактары менен достук алака түзүлөт

Бүгүн, 1-октябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Жолугушууда Нарын облусу менен Казакстандын облустарынын ортосунда достук алакасын түзүп, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешов облуста суу, күн, шамал энергетикасы, тоо-кен, айыл чарба тармагы боюнча потенциал чоң экенин белгилеп, жашыл экономика …

Казакстандын аймактары менен достук алака түзүлөт Толугу менен »

Түшүмдүүлүк жылдагыдан жогору

Нарын облусунда дан эгиндеринин 96 пайызы жыйналды.  Алсак быйыл  27 миң 171 гектарга  дан эгиндери  эгилген. Бүгүнкү күнгө карата  анын 25 миң 746 гектары чабылып, 165 миң 653 тонна түшүм алынды. Түшүмдүүлүк  22,4 центнерден айланып, өткөн жылга  салыштыралуу 2,1 центнерге жогору. Ал эми  облус боюнча 433 миң  500 тонна тоют топтолду.  Учурда Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, …

Түшүмдүүлүк жылдагыдан жогору Толугу менен »

Ат-Башы: Өспүрүмдөр тарабынан жасалган үч кылмыш иши соттун кароосунда турат

Ушул жылдын тогуз айында Ат-Башы районунда өспүрүмдөр тарабынан 4 кылмыш жасалган. Ат-Баш райондук администрациясынын маалыматына таянсак, тергөө амалдарынын жыйынтыктары менен 3 кылмыш иши райондук сотко кароого жиберилген. Ал эми  бир иш боюнча КР  КЖПКнин 467-беренесинин негизинде сот адилеттигинин тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим түзүлгөн.

Нарын: Аялдар үчүн жергиликтүү кеңешке 53 мандат бөлүндү

Нарын районунда жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өтүп, тийиштүү тапшырмалар берилди. Нарын районунда 34 миң 672 шайлоочу бар. 7 айылдык кеңешке 137 мандат бөлүнсө, анын ичинен 53 мандат айымдар  үчүн каралган.  Жалпы 33 шайлоо участогу бар. Маалыммат үчүн белгилесек, Президенттин Жарлыгына ылайык, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунушта

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди. Жаманбаева сөз эркиндигинин, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы маанилүү экенин, ар-намысты, кадыр-баркты, ишкердик беделди сактоо үчүн сотко кайрылуу керектигин белгилеген. Билдирүүдө мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн айып …

Акыйкатчы интернеттеги жалган жалаа үчүн айып салган долбоорду артка кайтарууну сунушта Толугу менен »

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды

Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды. Сыйлык берүү аземи Прагада өттү. Сыйлык адам укуктарын коргоону жакшыртууга жан үрөгөн жаштарга ыйгарылат. Быйыл бул сыйлыкка 75 талапкер …

Абактагы журналист Айке Бейшекеевага эл аралык сыйлык ыйгарылды Толугу менен »

Долон ашуусуна 3 см кар жаады

Долон ашуусуна 3 см кар жаады. Нарынгидромет кызматынын маалыматына караганда, ашууну туман каптоодо, бирок жол ачык, унаа тыгыны жок. “Абанын температурасынын төмөндөгөнүнө байланыштуу Долон ашуусунда жол тайгак болуусу  күтүлөт.  Андыктан, айдоочулар коопсуздукту сактап, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керек”,-деди аталган кызматтан.