DOLON MEDIA

Ат-Башы: Жол тейлөө мекемесине жаңы грейдер алынды

Ат-Башы районундагы  №20 Жол тейлөө мекемесине Кытай өндүрүшүнөн чыккан  жаңы грейдер техникасы берилди.  Техника Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы “Кыргыз автожол”  ишканасы аркылуу алынып келинди.

Аталган мекеме союз учурундагы жалгыз эски грейдер, кийин 2013-жылы бир жаңы грейдер алынып, эки техника айыл аралык жолдордо иштеп келген.  Бирок жолдордун абалынын начардыгынан жүргөнүнөн бузулганы көп болуп, мекемедегилерди бушайманга салып келген. Учурда мотору иштен чыгып,бузулуп эки грейдер токтоп турат. Мекеменин жетекчиси Кубанычбек Бейшеналиев, керектүү тетиктерине буйрутма берилгендигин, ал келсе техникалар  оңдолуп ишке  берилсе, ишканада үч грейдер болуп,  айыл араларындагы жолдорду убагы менен кырып, тазалап турганга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн билдирди.

Эски грейдерлердин бат-бат бузулуусунан улам элден мекеменин дарегине далай ачуу сөздөр, сындар айтылып келген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.