DOLON MEDIA

Нарындык шахматчы дүйнөлүк чемпионатка катышып келди

Нарын шаардык балдар жана уландар спорт мектебинин машыктыруучусу Тилек Такырбашев шахмат боюнча ардагерлер арасында  Италиянын Ассизи шаарында  өткөн Дүйнөлүк чемпионатка катышып келди.

Ага дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнөн 60 жаштан жогорку курактагы шахматчы ардагерлер катышкан. Ал эми Кыргызстандан эки катышуучу барса, анын бири Тилек Такырбашев, бири Бишкек шаарынан барган Таалай Иманалиев.

Т.Такырбашев 65 жаштан жогору курактагы  192  шахматчынын арасынан 29-орунга илинген. Анын айтымында, бул шахматчылардын түшүнү менен алганда жакшы көрсөткүч.

“Оюндун башталышында  рейтинг боюнча 192 кишинин арасынан 120-орунда болчумун. Беттешке эл аралык мастерлер, мастер фиде жана  гроссмейстрлер менен чыктым. 11 оюн ойнолуп андан 7 упай топтоп, 29-орунга чыктым.Бул шахматчылардын түшүнүгү менен алганда жакшы жыйынтык. Өткөн жылы Азия чемпонатында биринчи орунду алгам. Быйыл Италияда  өткөн Дүйнөлүк чемпионатка уюштуруучу тараптын  чакыруусу менен барып катыштым. Ага барып-келген учак билетине, визага каражатты өзүм таптым, калган чыгымдарды уюштуруучулар көтөрдү”, – деди Т.Такырбашев.

Ал аталган спорт мектепте 40 жылдан бери шахмат боюнча балдарга сабак берет. Ал даярдаган Нарындык 9 жаштагы эки бала учурда  Шири-Ланкада Азия чемпионатына ойноп жатышат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.