DOLON MEDIA

Изат бокс боюнча беттеште чемпион болду

Боксёр Андрей Курнявка атындагы Кыргызстандын кубогу үчүн Бишкек шаарында өткөн республикалык алкактагы мелдеште Изат Камчыбеков биринчи орунга ээ болуп,мадаль тагынды.

 

Бокс боюнча мелдешке Изат 55 килограмм салмак категориясында катышып, өзү теңдүү 16 балбандын ичинен биринчиликти багынтты. Машыктыруучусу Жанузак Абдраевдин айтуусунда, оюн жогорку деңгээле уюштурулуп, ага СССРдин, дүйнөнүн, европанын, азиянын, олимпиаданын чемпиондору конок катары чакырылган. Ал эми оюнга Казакстандан, Россиядан, Азербайжандан, Өзбекстандан келген судьялар калыстык кылышкан.

 

Изат Камчыбеков Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектепте 8-класста окуйт. Изат  өлкө аймактарында өткөн бир катар турнирлерге катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Ал үстүбуздөгү жылдын жай айында өткөн  Кыргызстандын чемпионатына да катышып экинчи орунду багындырган

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.