DOLON MEDIA

Туризм

Анталья туризмде рекордго жетүүгө даярданууда

Эрте брондоо мезгили уланып жатканда Анталья 2025-жылы туризмде жаңы рекорддорду коюуга даярданууда. TRT маалымдагандай, Антальяда 2025-жылкы туризм сезонуна карата эрте брондоолор 15 пайызга өстү. Мындан улам 18 млн туристтин келүү ыктымалдыгы дагы да бекемделди. Улуу Британиядан жана Германиядан эрте брондолгондордо олуттуу өсүш бар. Туристтик сезонго Польшадан да суроо-талап жогору. Россиядан келген туристтердин саны 4 миллиондон …

Анталья туризмде рекордго жетүүгө даярданууда Толугу менен »

Ат-Башы: “Көл-Суу керемети”. сүрөт баян

Ак-Сай өрөөнүндөгү Көк-Кыя аймагында жайгашкан “Көл-Суу” көлүндө  кыш фестивалы белгиленди. Фестивалга чет элдик меймандар да күбө болуп, муз үстүндө кызыктуу оюн-зооктор көрсөтүлдү. Кыргыз маданияты менен керемет жайды даңазалаган саамалыктын жүрүшүнө улуу “Манас” баянынын үзүндү айтылып, кыргыз бийи аткарылып,  аркан тартыш, жаа атуу, мүнүшкөр салуу сыяктуу улуттук оюндар тартууланып, четтен келген меймандарга кыргыздын улуттук баалуулуктары даңазаланды. …

Ат-Башы: “Көл-Суу керемети”. сүрөт баян Толугу менен »

Ат-Башы районуна келген туристтердин саны эки эсеге өстү

Ат-Башы районунда  туризм тармагын өнүктүрүүгө, туристтерди тартууга көп аракеттер жумшалууда. Мындай аракеттердин аркасында  өткөн жылы районго келген ички жана чет элдик туристтердин саны эки эсеге өскөн. Алсак, өткөн жыл ичинде 24 миң 575 ички турист келсе, ал эми чет өлкөлөрдөн 6 миң 143, жалпы 30 миң 718 турист келген. Бул көрсөткүч мурдакы жылкыга салыштырмалуу 15 …

Ат-Башы районуна келген туристтердин саны эки эсеге өстү Толугу менен »

Ат-Башыда “Көл-Суу керемети” кыш фестивалы өтөт

7-февраль күнү  Ат-Башы районунун  Көк-Кыя өрөөнүндө жайгашкан Көл-Суу көлүндө “Көл-Суу керемети” деп аталган кыш фестиваль өтөт. Фестивалды Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы менен Ат-Башы райондук туристтик дестинациясы уюштурууда. Фестивалдын жүрүшүндө экологиялык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Көл-Суу көлүнүн экосистемасын коргоо үчүн зыярат кылуунун жаңы эрежелери бекитилет. Бул иш-чаралар көлдүн булганышын алдын алууга жана суу ресурстарын сактоого …

Ат-Башыда “Көл-Суу керемети” кыш фестивалы өтөт Толугу менен »

Нарынга бир жылда Германиядан 3359 саякатчы келди

Нарын облусуна өткөн жылы жалпы 141 миң 378 турист келип, алардан 127 миллион 411 миң 400 сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2023-жылга караганда  72 миллион 499 миң 300 сомго көп. Келген туристтердин 28 миң 310у чет өлкөлөрдөн, тагыраагы 65 өлкөдөн келишкен. Саякатчылардын эң көбү Германиядан 3359, Франциядан 3190,  Россиядан 2807, Кытайдан 2531,  Америка Кошмо Штатынан 2048, …

Нарынга бир жылда Германиядан 3359 саякатчы келди Толугу менен »

Жумгал: Соң-Көл жайлоосуна кеткен туристтер куткарылды

Соң-Көл жайлоосуна кеткен төрт  канада өлкөсүнүн  жана эки кыргызстандык  жарандар аман-эсен табылды. ӨКМнин маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, алар ушул жылдын  30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип,  байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан авриялык куткаруу унаасы менен 4 …

Жумгал: Соң-Көл жайлоосуна кеткен туристтер куткарылды Толугу менен »

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары

Учурда мурдагыдай жаккан сүрөттү интернеттен көчүрүп алып, аны колдоно берүү мүмкүн эмес. Автордук укукту коргоого катуу көңүл бурула баштады. Мындайда акысыз сүрөттөрдүн кампалары жардамга келиши мүмкүн. Loon.site – аталган сайтта Pexels, Unsplash, Pixabay, Flickr сыяктуу белгилүү сүрөт кампаларынан керектүү сүрөттү издегенге мүмкүнчүлүк бар. Аларды сайтта катталбай эле, каалаган максатта колдонуу үчүн акысыз жүктөп алса болот. …

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары Толугу менен »

Телеграм каналдарым

Мен телеграмда ачып иштеткен каналдарым тууралуу кабар берейин дедим. Балким, алар сизди кызыктырып калаттыр: “Кыргыз Поэзиясы” – кыргыз акындарынын мыкты ырлары. Күнүнө бирден ыр жарыяланат. [ads_hr hr_style=”hr-zigzag”] “КЫСКА-НУСКА” – кыска көркөм чыгармалар (жаңы ачылды). Айрымдары 5-6 сөздөн, кээ бирлери 55 сөздөн гана турат. Бирок алардын бардыгында чыныгы адабий чыгармага мүнөздүү бардык сапаттар бар. Күнүнө 12:12де бирден кыска …

Телеграм каналдарым Толугу менен »

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым?

Жашоонун кызыгы, менимче, дайым бир нерсеге окуп, үйрөнүп, билбегениңди билүүгө такай умтулуп туруу болушу керек. Ошондо жашооң кызыктуу да, башкаларга пайдалуу да болот. Журналистика тармагында мен чейрек кылымдан беримин. Медианын бардык түрүндө (радио, ТВ, гезит, сайт) иштегенге жетиштим. “Журналисттер” коомдук бирикмесин 10 жылдай жетектеп, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө колуман келишинче салым кошконго аракет кылдым. Ушул жылдардын …

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым? Толугу менен »

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору

Айрым учурда сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Жасалма интеллекттин (ЖИ) өнүгүүсү бул ишти жеңил эле бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берди. Эки онлайн кызматты сунуштайм. Экөө тең бирдей иштейт. Оңдоо керек болгон сүрөттү жүктөп, андан алынып салына турган нерсени белгилеп коёсуңар. Калганын ЖИ өзү жасап коёт. Биринчи жолу тазалаганда толук тазаланбай калса, аны дагы бир …

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору Толугу менен »