DOLON MEDIA

Башкы тема

Апрель элдик революциясына 16 жыл

Бүгүн, 7-апрелде  Апрель Элдик революциясына 16 жыл толду.  2010-жылдын 7-апрелинде  Кыргызстанда   Курманбек Бакиев башында  турган  бийлик  ыңкылап жолу менен кулаган.  Анда  Бишкектин борбордук  аянтында  нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, 87 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн демонстранттар оор жарааттарды алышкан. Апрель Элдик революциясынын 16 жылдыгы Нарын шаарындагы “Тянь-Шань”  паркында  апрель ыңклабында курман болгон эр азаматтардын элесине …

Апрель элдик революциясына 16 жыл Толугу менен »

Нарында 0,239 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Өткөн жылы Нарын областынын прокуратура органдары тарабынан 0,239 гектар жер аянттары мамлекетке кайтарылган.  Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан алынды. Маалыматка караганда, 2025-жылы мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыктарын  коргоо максатында жалпы 110  доо арыздар келтирилген. Анын көпчүлүгү жер мыйзамы боюнча кемчиликтерди жоюу, укуктук актыларды жокко чыгаруу тууралуу болгон. Алардын ичинен  эң көбү Жумгал райондук прокуратурасына 74 арыз …

Нарында 0,239 гектар жер мамлекетке кайтарылды Толугу менен »

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды

Нарын районунда киши өлтүрүү боюнча  кылмыш иши ачылып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматынан алынды. Маалыматка караганда, 2014-жылдын 24-май күнү Эмгек-Талаа айылынын тургуну, 1976-жылы туулган Н.А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбей калгандыгы тууралуу арыз түшүп, кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2014-жылдын 24-майынан 25-майына караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын …

Нарында киши өлтүрүү боюнча 12 жыл мурун катталган кылмыштын бети ачылды Толугу менен »

Евробиримдик Кыргызстан үчүн аба мейкиндигин ачуусу күтүлүүдө

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиакоопсуздук комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушту. Тараптар негизинен кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу тууралуу сүйлөштү.   Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло да катышты. Адылбек Касымалиев Еврошаркет өкүлдөрүнүн сапары Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи. Өкмөт башчы акыркы жылдары кыргыз авиация тармагында …

Евробиримдик Кыргызстан үчүн аба мейкиндигин ачуусу күтүлүүдө Толугу менен »

Эрлист Акунбеков теңир тоолуктар менен жолугушту

Жолугушууда ал элеттеги сугат суунун тартыштыгы, мал ылаңы, айыл чарба багынтындагы насыяларды тең бөлүштүрүү сыяктуу көйгөйлөрдү укту. Андан сырткары Ат-Башы районунда өткөн жолугушууда элеттик фермерлер Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековго ветеринардык дарылардын кымбат болуп жаткандыгын айтышты. Жолугушууда министр жеке ветклиникаларды түзүү, мамлекеттик заказдарды …

Эрлист Акунбеков теңир тоолуктар менен жолугушту Толугу менен »

ӨКМ: Кыргызстанда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн

25-марттан 31-мартка чейин туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт. Атап айтканда Нарын облусунун Бишкек — Торугарт жолунун 56—134-чакырымдарында; Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 289—468-чакырымдарында; Арал — Миң-Куш жолунун 1–7, 17—36-чакырымдарында; Нарын — Баетов жолунун 97–98, …

ӨКМ: Кыргызстанда табигый кырсыктар активдешүүсү мүмкүн Толугу менен »

Нарын районунда социалдык дүкөн ачылат

Нарын облусунун жетекчилиги Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылына социалдык дүкөн ачуу долбоорун сунуштап жатат. Ал долбоор менен бүгүн 25-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков таанышты. Социалдык дүкөндү ачуунун себептерин облус жетекчилиги айыл чарба продукцияларын ортомчулар аркылуу эмес малчы, дыйкандан түз алып сатуу аркылуу, …

Нарын районунда социалдык дүкөн ачылат Толугу менен »

Жаңы-Жол участогундагы унаа жолу ачылды

Нарын районуна караштуу Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындай чечим жолдун абалын жеринде текшерүү үчүн райондук администрация өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистерден турган атайын комиссия түзүлүп, кароо жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынды. Кароо учурунда №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча …

Жаңы-Жол участогундагы унаа жолу ачылды Толугу менен »

Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында анын өнүгүү пландары менен таанышты. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров негизги тармактарда жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал сугат инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди. Жумгал районунда “Түгөл-Сай” жана Кочкор районунда “Шамшы” суу сактагычтары, ошондой эле Нарын …

Садыр Жапаров Нарын облусун өнүктүрүү пландары менен таанышты Толугу менен »

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү

Нарын облусунун ички дүң продукциясы 2025-жылы эки эседен ашык өстү. Бул тууралуу Нарын жергесинде өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. “Акыркы 5 жыл ичинде өлкөдө туруктуулук орноп, анын ичинде Нарын облусу да куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 млрд сомду …

Нарындын ИДПсы эки эсеге өстү Толугу менен »