DOLON MEDIA

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин …

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду Толугу менен »

Жамгырчиев парламент имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп, тергөөчүлөрдөн качып кетти

9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деген бүтүм чыгарды. Ушул эле күнү УКМКнын тергөөчүлөрү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда ал фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй кеткенин ишенимдүү булактар …

Жамгырчиев парламент имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп, тергөөчүлөрдөн качып кетти Толугу менен »

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 6-январь күнү үйдүн короосундагы дааратканадан 53 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Ал 11-ноябрдан бери дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан. Кылмышка маркумдун 26 жаштагы уулу шектелүүдө. Ал сурак учурунда арак ичкен атасы менен чырдашып, аны түртүп жибергенде чалкасынан жыгылып, эс-учун …

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды Толугу менен »

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу өлкөдөгү православдарды куттуктады. Ал “элдин эң башкы байлыгы биримдик” экенин белгилеп, “достук, ырашкерлик жана өз ара түшүнүү мамилелерди көздүн карегиндей сактоо керектигине” токтолду. Ар бир кыргызстандык жаран “динине, этносуна карабай бирдей укугу жана милдети бар” экенин айтты. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда православдар 7-январда Иса …

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады Толугу менен »

Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды

Кыргызстандын футбол курама командасы Азия Кубогу-2024 мелдештерине катышуу үчүн 6-январда Катардын Доха шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси кабарлады. Кыргызстандын тобу ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышмакчы. Буга чейин башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган, жаш команданы алып барары белгилүү болгон. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде Алимардон Шүкүров жараатынан улам …

Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды Толугу менен »

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-январда өттү. Анын үйүнө туугандары, санаалаштары жана айылдаштары чогулуп, жаназасы окулду. Чыгып сүйлөгөндөр Абдылдаевдин ишмердүүлүгүн, кайрымдуулук иштерин айтышты. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылына коюлду. Башкы прокуратура 6-январда Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы менен …

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү Толугу менен »

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84кө жетти

1-январда катталган Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84 кишиге жетти. Бул тууралуу NHK телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, 4-январда Исикава префектурасында 84 кишинин өлүмү ырасталды. Мындан тышкары аймактын дагы 300дөн ашык тургуну олуттуу жаракаттарды алган. Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он …

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84кө жетти Толугу менен »

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди. Маалыматка ылайык, Абдылдаевге “инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация” деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган. 29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили …

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди Толугу менен »

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды

Казакстанда кызамыктан эки бала чарчап калганын 28-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетова билдирди. Маалыматка караганда, эки наристе тең бирге чыга элек болчу. 25-декабрга карата расмий маалымат боюнча Казакстанда кызамык жуктургандардын саны 27 миңге жетти. Бийлик илдеттин жайылышынын себебин вакцинациядан баш тарткандардын көптөгүнөн көрүүдө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Казакстан кызамыктын …

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды Толугу менен »

Нарын районунун Учкун айылындагы мектептин окуу корпусу оңдолду

Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы, Учкун айылында жайгашкан Э. Токсобаев атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн окуу корпусу 4,6 млн сомго оңдолуп, 29-декабрда пайдаланууга берилди. Акимдин социалдык иштери боюнча орун басары А. Орозказиеванын маалыматы боюнча бул корпус түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңыланды. Жалпы нарктын 2 млн 12 миңге чукул жергиликтүү бюджеттен бөлүнду. Эми башталгыч класстын окуучулары …

Нарын районунун Учкун айылындагы мектептин окуу корпусу оңдолду Толугу менен »