DOLON MEDIA

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду

Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык айдоочуга карата козголгон иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул ишке байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кылмыш иши козголгон жаранга толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жиберип, кыргызстандык жаранга карата козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароону өтүнгөн. Апта башында Орусиянын Тергөө комитети Москвада Украинадагы согушка катышкан үч кишини машинасынан түшүрүп салган таксинин айдоочусуна каршы иш козгогону, айдоочу жек көрүүнү, кастыкты козутуу, адамдын ар-намысын кемсинтүү үчүн айыпталганы кабарланган. Бийликчил Regnum агенттиги анын айдоочулук күбөлүгү менен кошо маегин жарыялаган. Айдоочу – Кыргызстандын Аипбек Латипов аттуу жараны экени ачыкталган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.