DOLON MEDIA

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү боло турганын белгиледи. Темир жол курулуп бүтсө Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин жаңы каттамдар ачыла турганын кошумчалады. “Көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, биздин жалпы чечкиндүүлүгүбүздүн жана колдообуздун аркасында тараптар акыркы 2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алды. Алсак, үч тараптын биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Андан кийин биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишилди. Үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп айтылат маалыматта. Садыр Жапаров 6-майда Ош облусуна барган учурда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталарын айткан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.