DOLON MEDIA

Чаткалда кен казган казакстандык ишкерге издөө жарыяланды

Kazakhmys Holding компаниясы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) издөө жарыялаган казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге байланыштуу иш тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz маалымат агенттиги ишканага шилтеме берип жазды. Анда Kazakhmys Holding компаниясынын менежери жана “Алтын Алмас”, “Каражыра” ишканаларынын акционери Владимир Жуманбаевдин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топторго байланышы жок экени, ал тергөө органдары менен кызматташып бардык маалыматтарды берүүгө даяр экени жазылган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого байланышы бар деген шек менен казакстандык ишкер, “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге эл аралык издөө жарыяланганын 5-июнда кабарлаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.