DOLON MEDIA

Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду

Москвада таксист Украинага каршы согушкан үч кишини автоунаасынан түшүрүп салууга айыпталууда. Орусиянын Тергөө комитети кастыкты козутуу, жана  ар-намысты басмырлоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Таксисттин аты-жөнү Айыпбек Латипов, ал кыргызстандык. Анын айдоочулук күбөлүгүн кремлчил Regnum агенттиги жарыялады. Ал мас абалындагы жүргүнчүлөр ага орой мамиле жасап, 100 чакырым жол үчүн карта эмес накталай төлөм жүргүзө турган болгондо, акча бербей коюшат деген кооптонуу менен унаадан түшүрүп салууга аргасыз болгонун айткан. Украинага каршы согуштун катышуучулары таксистке кол көтөрүшкөн. Алардын бири: “Бул жерде биз чоңбуз. Сенин ишиң – бизди жеткирүү”, – деген. Латиповдун билдиришинче, чыр-чатактын жүрүшүндө алар “Крокус Сити Холлдогу” терактты да эске салып, четте согушуп жүрүшкөндө башка адамдар бул жакка келип, акча таап, бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатышканын айтышкан. Таксисттин айтымында, алар аны жакынкы “токойго” алып барууга аракет кылышкан, ал жолдун четине чуркап чыгып, жардамга кишилерди чакырган, бирок башка таксисттер келгенге чейин эч ким токтогон эмес. Окуя 2-июнда болгон. Автопарктын ээси бул окуядан кийин Латипов менен келишимди токтотту. Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин тергөөнүн жүрүшү жана аныкталган жагдайлар боюнча отчет берүүнү тапшырды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.