DOLON MEDIA

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Гүлнара Баатырова бул кызматка былтыр 13-сентябрда дайындалган. Жылдыз Полотова 2018-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган кезинде премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандан кийин кызматтан кеткен.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Жылдыз Полотованын талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Гүлнара Баатырова бул кызматка былтыр 13-сентябрда дайындалган. Жылдыз Полотова 2018-жылы эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп турган кезинде премьер-министрдин уруксатысыз чет өлкөлөргө бир нече ирет саякаттаганы тууралуу чуулгандан кийин кызматтан кеткен.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.