DOLON MEDIA

Абактагы төрт журналисттин камак мөөнөтү узартылды

16-январда кармалып, камакка алынган 11 журналисттин учурда тергөө абагында отурган төртөө: “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылган жок. Мындай чечим 7-июнда Ленин райондук сотунда алдын ала угуу отурумунда кабыл алынганын адвокат Улан Сейитбеков билдирди. Ленин райондук сотунун дагы бир чечими менен “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасы үй камагынан тилкаттын негизинде Кыргызстандан сыртка чыкпоо чечимине өзгөртүлдү. Бул тууралуу анын адвокаты Нурсултан Жаныбеков маалымдады. Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды. Анда кылмыш ишин кыскартуу, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралды. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылууда. Отурум жабык өттү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.