DOLON MEDIA

Президент Жапаров ишкерлер менен ККМ маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү. Ал салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерликтин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Ишкерлер электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып салуу мөөнөтүн жылдырууну суранышкан. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганын айтты. Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле. Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.