DOLON MEDIA

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү

5-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралып, анын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрүлдү. Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков билдирип, алардын бири 2020-жылы, экинчиси 2024-жылы жарыяланган видеолор экенин айтты. Бул жолку отурумга ал видеодо айтылгандарга корутунду берген эксперттер келбей калгандыктан кийинки соттук жараян 11-июнга дайындалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны камакка алган. Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси – 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси – быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.