DOLON MEDIA

Израил Газадагы согуштук аракеттерди убактылуу токтотушу мүмкүн

Израил барымтадагылардын бошотулушу үчүн Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди 42 күнгө токтотушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Анын айтымында, ошол эле маалда АКШ менен Европа биримдигинде террордук уюм деп табылган ХАМАС тобуна каршы операция улантылат. “Израил барымтадагы адамдарды кайтаруу үчүн согуштук аракеттерди 42 күнгө токтотушу мүмкүн. Бирок биз согушту токтото албайбыз. Ирандыктар жана биздин башка душмандарыбыз бизди багынат бекен деп карап турушат. Буга байланыштуу өтө көптөгөн жалган маалыматтар таратылып жатат”, – деди Нетаньяху парламенттеги тышкы иштер жана коргонуу боюнча комиссиянын жабык өткөн жыйынында. The Times of Israel басылмасы белгилегендей, Нетаньяху бул сөздөрдү АКШнын президенти Жо Байдендин Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча өткөн жумадагы сунушу боюнча комментарий берип жатып айтты. “АКШ президентинин сунушу толук эмес. Согуш барымтадагыларды бошотуу үчүн токтотулат, андан соң дагы талкуу жүргүзөбүз. Байден коомчулукка айтпаган дагы башка деталдар бар”, – деди Нетаньяху. Буга чейин ХАМАС тобу да Байдендин планы боюнча жакшы пикирин билдирген. Ал арада Нетаньяхунун коалициядагы эки ашынган оңчул өнөктөшү, каржы министри Безалел Смотрих менен улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир ХАМАС боюнча “катаал эмес” кандай гана келишим кабыл алынса, нааразылык иретинде өкмөттөн чыгып кетишерин эскертишти. 31-майда АКШ президенти Жо Байден Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагы израилдиктерди бошотуу боюнча жаңы планды ачыктаган. Газада ок атышууну токтотуу планы үч этаптан турат. Биринчиси алты аптага созулуп, ок атышууну толук жана биротоло токтотууну, Израилдин аскерлерин Газа тилкесиндеги бардык калктуу аймактардан чыгарууну жана жүздөгөн палестиналык туткундарды барымтадагы бир катар израилдиктерге айырбаштоо менен бошотууну камтыйт. Өлтүрүлгөн барымтадагылардын айрымдарынын сөөктөрү да үй-бүлөлөрүнө кайтарылышы керек. Экинчи этап согуштук аракеттерди биротоло токтотууну камтыйт. Бул этапта барымтада калган башка жарандар бошотулуп, израилдик аскерлер Газа тилкесинен чыгып кетишет. “Акыры, үчүнчү этапта Газаны калыбына келтирүү боюнча масштабдуу планы башталат жана барымтадагылардын сөөктөрү үй-бүлөлөрүнө кайтарылат”, – деген Байден. Египет, Катар жана башка өлкөлөрдүн ортомчулугу менен өткөн ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр бир нече жолу туңгуюкка кептелип, эки тарап тең бири-бирин жылыш болгон жок деп айыпташкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.