DOLON MEDIA

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн сом доо талап кылып жатканын журналист өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды. Карымшаков буга “Фрунзе” (“Азия”) гипермаркеттер тармагынын айланасындагы чыр боюнча ишкер, аталган тармактын негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдон алган маеги себеп болгон деп эсептейт. “Бабанов сот аркылуу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп менден 1 млн сом, Жээнбековдон 1 млн сом моралдык компенсация өндүрүп берүүнү өтүнүптүр. Мага Өмүрбек Бабановдун доо арыз менен кайрылганы тууралуу маалымат кечээ, 3-июнда гана жетти. Алар жиберген билдирүү дарегиме жетпей калыптыр. Болотмамбет Жээнбековдун видеомаегин өчүртүү боюнча өтүнүчү тууралуу билдирме келгенден кийин гана билдим”, – деп жазды ал. Эламан Карымшаков интервьюну чыгарардын алдында Өмүрбек Бабановго да оюн угуу үчүн кайрылганын, бирок ал жооп берүүдөн баш тартканын кошумчалады. Анын айтымында, Бабановдун доо арызы боюнча 4-июнда Октябрь райондук сотунда алдын ала соттук угуу өткөн. Ишти судья Улан Шаматов карап жатат. Биринчи отурум 24-июлга белгиленген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.