DOLON MEDIA

Ак-Талаада айрым айылдар көчөлөрүн жарыктандырууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бурген айылаймагына караштуу Кара- Бүргөн айылынын көчөлөрү жарыктандырылды. Аталган айылдын айыл башчысы Кудайберген Руслановдун айтымында, көчөлөрдү жарыктандыруу максатында жергиликтуу бюджеттен 350 мин сом бөлүнүп, Кара-Бүргөн айылынан Төш-Булак конушуна чейин жана Капар Маметов атындагы борбордук көчөгө көчө чырактары орнотулган. Жалпы 2500 метр аралыкка 46 даана көчө чырагы мамылары менен кошо коюлду

Иликтөө: орус авиациясы украин тетиктерин кыргызстандык компания аркылуу алууну улантууда

Иликтөө: Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери «Авиа ФЭД сервис» компаниясы орус авиациялык өнөр жайын кеминде 650 миллион рублдик (7,3 миллион доллар) тетиктер менен камсыз кылды. Анын ичинен 370 миллион рублга тете тетик (4,1 миллион доллар) Украинадан келген. Журналисттер 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын июль айына чейин «Авиа ФЭД сервис» Ан-124 учактарын оңдоо үчүн дээрлик …

Иликтөө: орус авиациясы украин тетиктерин кыргызстандык компания аркылуу алууну улантууда Толугу менен »

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. соттун чечими менен 11-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. …

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды Толугу менен »

Президент Жапаров Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге 2028-жылга чейин жолдомо берүүгө мораторий киргизди

Профсоюздарга түшкөн акча санаторий, курорт, эс алуучу жайларды курууга жана ондоого жумшалат. Бардык санаторий-курорттук объектилер убактылуу президенттин Иш башкармалыгына өтүп, капиталдык ондоодон өтөт. Буга чейин президент профсоюз башчыларын кыргызстандыктардын эмгек акысынан чегерилген акчаны “жеп алгансынар” деп айыптаган. “30 жылдын аралыгында 6,5 млрд сом алыпсынар, бирок 6 тыйындык имарат салып койгон эмессинер. Силер башкарган санаторийлерде адам …

Президент Жапаров Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге 2028-жылга чейин жолдомо берүүгө мораторий киргизди Толугу менен »

Ак-талаалык окуучунун кыялы орундалды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Талаа районунун Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Жанарбек Жайлообаев апасына үй тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданарынайтып президентке кат жазган. “Окуучунун тилегин орундатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек  Жайлообаевдин апасы Мусаева Кыялга үй тиричилик техникаларын …

Ак-талаалык окуучунун кыялы орундалды Толугу менен »

Президент Жапаров Бакуда Илхам Алиев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында 24-ноябрда Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гурманитардык кызматташууну жана эки өлкөнүн алакасынын келечегин талкуулашты. Президент Алиев бүгүнкү күндө эки мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилип жатканын билдирди. Ал …

Президент Жапаров Бакуда Илхам Алиев менен жолугушту Толугу менен »

Нарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн 24-ноябрда аталган кызматтын эмгек жамааты майрамдык салтанатка чогулушту. Ал иш чарага катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Солтоев прокуратура кызматкерлерин куттуктап, облуста мыйзамдуулукту сактоодогу прокуратуранын ордун баса белгилеп, пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда аталган кызматты жардамы зор экенмн билдирди. Салтанаттын жүрүшүндө мыктыларга облус жетекчисинин сыйлыктары тапшырылды. Эске сала кетсек …

Нарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди Толугу менен »

Нарын шаарында баатырдын ысмындагы жаны парктын ачылышы болду

Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүндө 2022-жылы өлкөбүздүн Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик чек арада куралдуу кагылышты курман болгон 27 жаштагы Нурсултан Жаныбековдун ысмы ыйгарылган парктын ачылышы 24-ноябрда болду. Ага облус, шаар жетекчилиги, туугандары, кызматкерлери, куралдаш жоокерлер катышты.  Алар Н. Жаныбековдун эрдигин даназалап, мыкты жоокер болгонун эскеришти. Ал тирүү кезинде эле күжүрмөн эрдиги үчүн Президенттин Ардак грамотасына, бир …

Нарын шаарында баатырдын ысмындагы жаны парктын ачылышы болду Толугу менен »

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп жатат. Анын ичинен 290 бала бакчанын имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды. Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак …

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат Толугу менен »

Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлүп берилгени кабарланды

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди. Ал “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт: “Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун …

Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлүп берилгени кабарланды Толугу менен »