DOLON MEDIA

Президент Жапаров Бакуда Илхам Алиев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында 24-ноябрда Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гурманитардык кызматташууну жана эки өлкөнүн алакасынын келечегин талкуулашты. Президент Алиев бүгүнкү күндө эки мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилип жатканын билдирди. Ал өткөн жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенин эскерип, келерки жылы жооп иретинде Садыр Жапаровдун Азербайжанга сапарын күтүп жатканын кошумчалады.

Садыр Жапаров соңку жылдары эки өлкөнүн мамилеси болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткенин, “Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү болгон Азербайжан менен достук жана өз ара колдоо мамилесин жогору баалай турганын” билдирди. Маалыматта айтылгандай, былтыр Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда түзүлгөн Азербайжан-кыргыз өнүктүрүү фондунун укуктук, каржы маселелери жыйынтыкталып жатат. Президент Жапаров бул иштерди тездетүүнү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга киришүүнү сунуштады. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн 23-ноябрда Баку шаарына иш сапары менен барган. БУУнун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасы Туруктуу өнүгүү максаттары долбоорун ишке ашыруудагы аймактар аралык кызматташтык үчүн аянтча болуп саналат. Учурда бул программага Азербайжан, Ооганстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн бул программага мүчө өлкөлөр менен товар алмашуусу соңку беш жылда эки эсеге өскөн

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.