DOLON MEDIA

Нарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн 24-ноябрда аталган кызматтын эмгек жамааты майрамдык салтанатка чогулушту. Ал иш чарага катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Солтоев прокуратура кызматкерлерин куттуктап, облуста мыйзамдуулукту сактоодогу прокуратуранын ордун баса белгилеп, пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда аталган кызматты жардамы зор экенмн билдирди. Салтанаттын жүрүшүндө мыктыларга облус жетекчисинин сыйлыктары тапшырылды.

Эске сала кетсек өлкөбүздө прокуратура органдары алгач Кыргыз автономия облусунун Ревкомунун президиумунун 1924-жылдын 22-ноябрындагы токтому менен түзүлгөн

Ал эми 1993-жылдын 18-декабрында «Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы жөнүндө Мыйзам» КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, ал эгемендүү Кыргызстандын прокуратура жөнүндө алгачкы укуктук ченемдик актысы болуп калды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.