DOLON MEDIA

Президент Жапаров Профсоюздар федерациясынын эсебинен санаторийлерге 2028-жылга чейин жолдомо берүүгө мораторий киргизди

Профсоюздарга түшкөн акча санаторий, курорт, эс алуучу жайларды курууга жана ондоого жумшалат. Бардык санаторий-курорттук объектилер убактылуу президенттин Иш башкармалыгына өтүп, капиталдык ондоодон өтөт. Буга чейин президент профсоюз башчыларын кыргызстандыктардын эмгек акысынан чегерилген акчаны “жеп алгансынар” деп айыптаган. “30 жылдын аралыгында 6,5 млрд сом алыпсынар, бирок 6 тыйындык имарат салып койгон эмессинер. Силер башкарган санаторийлерде адам эмес ит дагы эс алгысы келбейт. Патриоттулук деген силерде нөл”, – деп сындаган Жапаров. Бул боюнча атайын президенттин жарлыгы чыккандыгын, Профсоюздар федерациясынын мүлкү Президенттин иш башкармалыгына убактылуу алынгандыгын аталган иш башкармалыктан биздин сайтка 27-ноябрда билдиришти

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.