DOLON MEDIA

Нарында Адабият күнү белгиленди

12-декабрь өлкөбүздө Адабият күнү катары белгилүү, бул күн Нарын облусунда да белгиленди. Аны менен катар залкар жазуучу Ч. Айтматов көзүү тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Буга улай Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Жаш артисттердин аткаруусунда Айтматовдун каармандары менен “Мен жашагым келет” атуу иш чара өткөрүлдү. Жаш артисттер булар Нарын районундагы …

Нарында Адабият күнү белгиленди Толугу менен »

Облуска Тез жардам унаалары берилди

Нарын облусуна 7 Тез жардам унаасы жана төрт авто унаасы берилди. Автоунаалар  Техникалык толуктоо COVID 19 кесепеттерин жою долбоорунун алкагында берилди. Тез жардам унаалары 5 районго жана Нарын шаарына бөлүндү. Андан сырткары Нарын облустук ооруларды алдын алуу жана санитардык гигиеналык көзөмөлдөө борборуна дагы төрт машина берилди. Тез жардам унааларында  бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө керектүү …

Облуска Тез жардам унаалары берилди Толугу менен »

Маданият министрлиги “Фейк” мыйзамы боюнча 20 арызды карады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда быйыл жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча түшкөн 77 арыз боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде министрликте 2023-жылы 20 кайрылуу каралган. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Маалыматтын толук эместигине байланыштуу төрт арыз каралган эмес …

Маданият министрлиги “Фейк” мыйзамы боюнча 20 арызды карады Толугу менен »

Ат-Башыда А. Жекшенбеков эскерилди

2022-жылы мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы аймагын коргоодо баатырларча курман болгон Апсамат Жекшенбековдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн ал өзү окуган, Терек-Суу айылындагы Анвар Чортеков атындагы мектептин аскерге чейинки даярдоо классына аты берилип жасалгаланды. Иш чарага район Э. Абдыкадыров баштаган айылдаштары катышты. Акимөз сөзүндө патриот жигитти тарбиялаган ата-энесине таазим этээрин билдирип, окуучуларды Апсаматтай болууга үндөдү. …

Ат-Башыда А. Жекшенбеков эскерилди Толугу менен »

Орусияда чет элдиктерди “лоялдуулук келишимине” кол койдуруу сунушталды

Орусиянын Ички иштер министрлиги өлкөнүн аймагына кирип жаткан чет элдиктерди “лоялдуулук жөнүндө макулдашууга” кол коюуга милдеттендирүүнү сунуш кылды. Мыйзам долбоору толукталып, Мамлекеттик думага киргизилерин ТАСС агенттиги кабарлады. Документтке ылайык, Орусияга кирген чет элдик жаранга орус саясатына “шек келтирүүгө”, фашизмди жеңүүдөгү совет элинин эмгегин “бурмалоого” жана “каада-салт баалуулуктарын” четке кагууга тыюу салынат. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктарга …

Орусияда чет элдиктерди “лоялдуулук келишимине” кол койдуруу сунушталды Толугу менен »

“Кара-Суу” базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

Мамлекеттик салык кызматы Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотула турганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыккан соодагерлер тарап, соодасын улантып жатышат. Салык мыйзамдары боюнча, Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алары айтылды. Ушул тапта стратегиялык объектилерге …

“Кара-Суу” базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат Толугу менен »

Нарын облусунда ирригация жаатында чон долбоорлор ишке ашууда

Нарын облусунун ирригация тармагына быйыл 128 млн. 100 мин сом белунуп, суу чарба обьектилери жакшыртылды. (Салыштырып айтсак, 2021-жылы 19 млн, 2022-жылы 104 миллион сом белунген) Ошондой эле ашар жолу менен курулуучу суу чарба оъектеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 млн сом каралып, курулуш иштери журууде. Учурда Ат-Башы районундагы Шамбет каналын куруу аяктоо алдында турат. Нарын районундагы …

Нарын облусунда ирригация жаатында чон долбоорлор ишке ашууда Толугу менен »

ХАМАС дагы 10 израил жаранын барымтадан бошотту

АКШда жана Европа биримдигинде (ЕБ) террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобу Кызыл чырым уюмуна барымтада кармалып турган кезектеги израил жарандарын өткөрүп берди. Маалыматтарга ылайык, барымтадан бошотулгандардын арасында тогуз аял жана 17 жаштагы бир кыз бар. Бул израил жарандарынан тышкары барымтадан Таиланддын эки жараны да бошотулганы кабарланууда.   Өз кезегинде Израил да бул күнү өз абактарында …

ХАМАС дагы 10 израил жаранын барымтадан бошотту Толугу менен »

Ташиев Кумтөргө байланыштуу 20га жакын мамлекеттик кызматкер жоопко тартылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр ишине байланыштуу 20га жакын мамлекеттик жооптуу кызматкерлер жоопко тартылганын билдирди. “Кумтөр маселеси боюнча биз эки президентти, төрт премьер-министрди, эки спикерди, ондон ашык мамлекеттик кызматкерлерди, жалпысынан 20га жакын мамлекеттик кызматта иштеген чоң кызматкерлерди жоопко тарттык. Ошонун негизинде Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алдык”, – деди ал. Камчыбек Ташиев …

Ташиев Кумтөргө байланыштуу 20га жакын мамлекеттик кызматкер жоопко тартылганын билдирди Толугу менен »

ЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

28-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, азыркы желектеги күндүн нурун күн карама деген сыяктуу түрдүү сөздөр айтылып келатканын билдирип, аны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнүн айтты. Желекти өзгөртүү …

ЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду Толугу менен »