DOLON MEDIA

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. соттун чечими менен 11-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. аттуу жарандан пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси – “опузалап пара талап кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Кеңешчисинин кармалышы боюнча президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 25-ноябрда видео кайрылуу менен комментарий берип, бул окуяга тиешеси жоктугун, пара алган кеңешчисинен муну күтпөгөнүн, эми ал мыйзам алкагында жооп бериши керектигин, коррупцияга каршы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерин толук колдой турганын айткан.Атайын кызмат М.Т.А. аттуу кеңешчинин аты-жөнүн тактаган жок. Бирок анын инициалы Талантбек Мамытовдун атына туура келет. Ал учурда президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси. 2020-жылы өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо “Мекенчил” партиясынан тизме менен талапкер болуп катышкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.