DOLON MEDIA

Ак-талаалык окуучунун кыялы орундалды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ак-Талаа районунун Конорчок айылындагы Н.Жыргалбекова атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Жанарбек Жайлообаев апасына үй тиричилик буюмдарын белек кылууну кыялданарынайтып президентке кат жазган.

“Окуучунун тилегин орундатып, өлкө башчысынын тапшырмасы менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Жанарбек  Жайлообаевдин апасы Мусаева Кыялга үй тиричилик техникаларын алып берди.

Белгилей кетсек, бул үй-бүлө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Жанарбектин атасы жана иниси бала кезинен майыптыгы бар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.