DOLON MEDIA

Иликтөө: орус авиациясы украин тетиктерин кыргызстандык компания аркылуу алууну улантууда

Иликтөө: Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан бери «Авиа ФЭД сервис» компаниясы орус авиациялык өнөр жайын кеминде 650 миллион рублдик (7,3 миллион доллар) тетиктер менен камсыз кылды. Анын ичинен 370 миллион рублга тете тетик (4,1 миллион доллар) Украинадан келген. Журналисттер 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын июль айына чейин «Авиа ФЭД сервис» Ан-124 учактарын оңдоо үчүн дээрлик 120 миллион рублга (1,3 миллион доллар), Ка-32 тик учактарынын станциялары үчүн 67 миллион рублга (755 миң доллар), Ан-24 жана Ан-12 учактарынын кыймылдаткычтарын оңдоо үчүн 170 миллион рублга (1,9 миллион доллар) тетиктерди импорттогонун аныкташкан. Незигинен Украина өндүрүшүнөн чыгарылган продукциялар жөнөтүлөн.

Орусиялык «Авиа ФЭД сервис» компаниясы 1993-жылы Харьков машина куруу заводунун (КМЗ) ФЭД өкүлчүлүгү катары түзүлгөн. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, анын жетекчиси Харьков авиациялык институтунда окуган Луганск шаарынын тургуну Александр Решетник. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтар боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги, «Ростек» мамлекеттик корпорациясынын ишканалары жана президенттик «Россия» учуучу отряды «Авиа ФЭД сервис» компанисынын кардарлары болуп эсептелет. 2014-жылы Украинанын чыгышындагы чыр-чатакка жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу ХМЗ ФЭД Орусияга продукция берүүнү токтоткон. 2018-жылы «Авиа ФЭД сервис» Украинанын санкцияларына кабылган. Бирок бул «Авиа ФЭД сервис» аркылуу украин өнүмдөрүн орус авиация өнөр жайына импорттоону токтото алган эмес. Орусиялык бул компаниянын негиздөөчүлөрү Linker аттуу компанияны Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катташкан. Бул компания Ми-8, Ми-17, Ка-32 тик учактары үчүн тетиктерди “дүйнөнүн каалаган жеринде” жеткирүүгө адистешкен. Компаниянын менеджери Черниговдо туулган Андрей Курта. Ал эми Linker компаниясынын ээси дагы бир украиналык Алексей Палчик болуп эсептелет.

Linker украин продукциясын, атап айтканда «Мотор сич» компаниясынын тетиктерин алып турган. Анын директору Вячеслав Богуслаев 2022-жылдын октябрь айында Орусиянын учактары үчүн аскердик товарларды мыйзамсыз жеткирген деген шек менен кармалган. OCCRP журналисттеринин жана «Важные истории» басылмасынын маалыматтарына караганда, Linker «Авиа ФЭД сервис» компаниясына акыркы жолу 2023-жылы январь айында импорттук товарларды жеткирген. Андан соң «Авиа ФЭД сервис» орус авиациясы үчүн тетиктерди 2023-жылдын апрель айында каттоодон өткөн Кыргызстандын «Бакайторг1» компаниясы аркылуу ташый баштаган.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, «Бакайторг1» ХМЗ ФЭД продукциясын «Авиа ФЭД сервис» компаниясына дээрлик 40 миллион рублга (4,5 миллион доллар) сатууга жетишкен.

«Авиа Фэд Сервис» компаниясынын директору Александр Решетник «Важные истории» басылмасына берген түшүндүрмөсүндө анын компаниясы украин заводдорунан чыккан продукцияларды 2020-2021-жылдары эле сатып алганын, алар чет өлкөлөрдөгү кампаларда жатканын жана кардарларга 2022-2023-жылдары гана өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок бир нече ай мурун гана каттоодон өткөн «Бакайторг1» компаниясы аркылуу тетиктерди жеткирүүлөр кандайча ишке ашканы жөнүндө суроого жооп берген жок.Ошол эле маалда Linker компаниясынын ээси Алексей Пальчик «Важные истории» басылмасынын журналисттери менен сүйлөшүү учурунда анын компаниясы Украинадан Орусияга эч нерсе ташыбаганын жана ташыбай турганын билдирди. Linker «Авиа ФЭД сервис» компаниясы үчүн товар жеткиргенби деген суроого Пальчик «жооп берүүгө даяр эмесмин» деп айтты.

 

Кыргызстандык «Бакайторг1» компаниясынын өкүлдөрү иликтөөчү журналисттер менен байланышка чыгышкан эмес.

Анын ичинен 370 миллион рублга тете тетик (4,1 миллион доллар) Украинадан келген. Журналисттер 2022-жылдын февраль айынан 2023-жылдын июль айына чейин «Авиа ФЭД сервис» Ан-124 учактарын оңдоо үчүн дээрлик 120 миллион рублга (1,3 миллион доллар), Ка-32 тик учактарынын станциялары үчүн 67 миллион рублга (755 миң доллар), Ан-24 жана Ан-12 учактарынын кыймылдаткычтарын оңдоо үчүн 170 миллион рублга (1,9 миллион доллар) тетиктерди импорттогонун аныкташкан. Незигинен Украина өндүрүшүнөн чыгарылган продукциялар жөнөтүлөн.

Орусиялык «Авиа ФЭД сервис» компаниясы 1993-жылы Харьков машина куруу заводунун (КМЗ) ФЭД өкүлчүлүгү катары түзүлгөн. Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, анын жетекчиси Харьков авиациялык институтунда окуган Луганск шаарынын тургуну Александр Решетник. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматтар боюнча Орусиянын Коргоо министрлиги, «Ростек» мамлекеттик корпорациясынын ишканалары жана президенттик «Россия» учуучу отряды «Авиа ФЭД сервис» компанисынын кардарлары болуп эсептелет. 2014-жылы Украинанын чыгышындагы чыр-чатакка жана Крымдын аннексияланышына байланыштуу ХМЗ ФЭД Орусияга продукция берүүнү токтоткон. 2018-жылы «Авиа ФЭД сервис» Украинанын санкцияларына кабылган. Бирок бул «Авиа ФЭД сервис» аркылуу украин өнүмдөрүн орус авиация өнөр жайына импорттоону токтото алган эмес. Орусиялык бул компаниянын негиздөөчүлөрү Linker аттуу компанияны Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) катташкан. Бул компания Ми-8, Ми-17, Ка-32 тик учактары үчүн тетиктерди “дүйнөнүн каалаган жеринде” жеткирүүгө адистешкен. Компаниянын менеджери Черниговдо туулган Андрей Курта. Ал эми Linker компаниясынын ээси дагы бир украиналык Алексей Палчик болуп эсептелет.

Linker украин продукциясын, атап айтканда «Мотор сич» компаниясынын тетиктерин алып турган. Анын директору Вячеслав Богуслаев 2022-жылдын октябрь айында Орусиянын учактары үчүн аскердик товарларды мыйзамсыз жеткирген деген шек менен кармалган. OCCRP журналисттеринин жана «Важные истории» басылмасынын маалыматтарына караганда, Linker «Авиа ФЭД сервис» компаниясына акыркы жолу 2023-жылы январь айында импорттук товарларды жеткирген. Андан соң «Авиа ФЭД сервис» орус авиациясы үчүн тетиктерди 2023-жылдын апрель айында каттоодон өткөн Кыргызстандын «Бакайторг1» компаниясы аркылуу ташый баштаган.

Иликтөөчүлөрдүн маалыматына караганда, «Бакайторг1» ХМЗ ФЭД продукциясын «Авиа ФЭД сервис» компаниясына дээрлик 40 миллион рублга (4,5 миллион доллар) сатууга жетишкен.

«Авиа Фэд Сервис» компаниясынын директору Александр Решетник «Важные истории» басылмасына берген түшүндүрмөсүндө анын компаниясы украин заводдорунан чыккан продукцияларды 2020-2021-жылдары эле сатып алганын, алар чет өлкөлөрдөгү кампаларда жатканын жана кардарларга 2022-2023-жылдары гана өткөрүлүп берилгенин билдирди. Бирок бир нече ай мурун гана каттоодон өткөн «Бакайторг1» компаниясы аркылуу тетиктерди жеткирүүлөр кандайча ишке ашканы жөнүндө суроого жооп берген жок.Ошол эле маалда Linker компаниясынын ээси Алексей Пальчик «Важные истории» басылмасынын журналисттери менен сүйлөшүү учурунда анын компаниясы Украинадан Орусияга эч нерсе ташыбаганын жана ташыбай турганын билдирди. Linker «Авиа ФЭД сервис» компаниясы үчүн товар жеткиргенби деген суроого Пальчик «жооп берүүгө даяр эмесмин» деп айтты.

 

Кыргызстандык «Бакайторг1» компаниясынын өкүлдөрү иликтөөчү журналисттер менен байланышка чыгышкан эмес.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.