DOLON MEDIA

Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлүп берилгени кабарланды

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди. Ал “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт: “Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун негизинде 720 батир да мамлекеттик менчикке катталды”.

Машиев бул батирлер боюнча арыз менен ким кайрылганын тактап айткан жок.

Буга чейин алты автоунаа да мамлекеттин карамагына өткөнү айтылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.