DOLON MEDIA

Нарын шаарында баатырдын ысмындагы жаны парктын ачылышы болду

Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүндө 2022-жылы өлкөбүздүн Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик чек арада куралдуу кагылышты курман болгон 27 жаштагы Нурсултан Жаныбековдун ысмы ыйгарылган парктын ачылышы 24-ноябрда болду. Ага облус, шаар жетекчилиги, туугандары, кызматкерлери, куралдаш жоокерлер катышты.  Алар Н. Жаныбековдун эрдигин даназалап, мыкты жоокер болгонун эскеришти. Ал тирүү кезинде эле күжүрмөн эрдиги үчүн Президенттин Ардак грамотасына, бир кана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Анын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн шаар бийлиги ысмын паркка ыйгарган.

Н. Жаныбеков атындагы парктын аянты  10 мин 200 чарчы метр, республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен 2 млн 300 сомго ондолуп түзөөдөн өттү. Н. Жаныбековдун атасы да паркты ондоп түзөөгө 50 мин сом акчалай жардам берген.

Эске салсак Н. Жаныбекв кызмат учурунда “Кк-Айгыр чек ара кызматынын улук аткычы, “Бөрү” атайын даярдыктагы отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп кызмат кылган. Анын сөөгү 2022-жылы 18-сентябрда өзү туулуп өскөн Нарын районуна караштуу Оттук айылында жерге берилген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.