DOLON MEDIA

Окучулардын каникул күндөрү белгилүү болду

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей өлкөбүздүн окуучулары кышкы каникулга 1-январдан 15-январга чейин чыгышат. Жаңы жыл же 31-декабрь дем алыш күнгө туш келгендиктен, каникул 30-декабрдан башталып, окуучулар 16 күн эс алышат. Ал эми мектепке 15-январдан тартып бара башташат.

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калды

Жарандар үчүн автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) мурда маалымдалгандай 2024-жылдын 1-январынан эмес, 2025-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Финкөзөмөл) мурдараак машинелерди камсыздандырууну жарым жылга артка жылдыруу сунушталганын “Азаттыкка” билдирген. Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү …

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калды Толугу менен »

Тууну өзгөртүү долбоору сессиянын күн тартибине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жыйынынын күн тартибине экинчи окууга киргизилди. 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Комитеттин отурумунда депутаттар Мирлан Самыйкожо, Жамиля Исаева жана Арсланбек Малиев сунуштар кеч берилди деген негиз менен мыйзам …

Тууну өзгөртүү долбоору сессиянын күн тартибине экинчи окууга киргизилди Толугу менен »

Нарында да базарлардын ижара акысы арзандай баштады

Нарын шаарындагы курулуш- материалын саткан “Осей Ата” базарынын ээси Таалайбек Жээнчороев  базардагы контейнерлердин баасын 20-30% арзандатып жатканын билдирди. Мындай билдирүүнү шаарындагы 2 Нарын, Мегакомфорт базарларынын ээлери да ижара акысы арзандатуу боюнча өлкө жетекчилеринин чакырыктарын туура кабыл алып, колдоп жатышкандыктарын билдиришти. Мындан бир аз кубакыт мурда Нарын облусундагы Кочкор районунун базарларынын ээлери да ижара акысын 20% …

Нарында да базарлардын ижара акысы арзандай баштады Толугу менен »

Нарында Жогорку Каскад ГЭСи курулат

Мындай маалыматты экинчи Элдик курултайда президент С. Жапаров билдирди. Нарын облусунан делегат болуп барган Амантур Көгөев Нарында башталып бүтпөй турган Жогорку Каскад ГЭСи жана облуска 75 орундуу оорукана керектиги боюнча маселе көтөргөн. Курултайдын экинчи күнүндө жооп берип жатып президент Садыр Жапаров ГЭС боюнча кызыкадар инвесторлор бар экенин билдирди. Аны менен катар”РусГидро” боюнча Россия жана Кыргызстан …

Нарында Жогорку Каскад ГЭСи курулат Толугу менен »

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат. Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол …

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди Толугу менен »

Нарын шаарынын балатысы жанды, ага бюджеттен акча коротулган жок

15-декабрда Нарын шаарынын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта Жаңы Жылдык балаты жанды. Ага шаар тургундары, бийлик өкүлдөрү катышты. Балатыны кооздоого, балаты үчүн шаардык бюджеттен бир да сом коротулган жок. Анткени бул балат быйыл бешинчи жолу тигилип жатат. Беш жыл мурда 1,5 млн сомго  шаардык бюджеттен сатылып алынган, ошондон бери элге кызмат кылып келе жат. Борбордук …

Нарын шаарынын балатысы жанды, ага бюджеттен акча коротулган жок Толугу менен »

Нарын облусунда атактуу мугалим А. Койчумановдун 100 жылдыгы белгиленди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында жайгашкан атактуу мугалимдин атын алып жүргөн Апыш Койчуманов атындагы мектепте  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Социалисттик эмгектин Баатыры Апыш Койчуманов эскерилди. Мектеп мугалими Чолпон Апаеванын айтымында А. Койчуманов кезегинде 6 миңден ашык көрсөтмө куралды кол менен териден, кийизден жасап балдарга билим берип келсе, учурда кесиптештери ал көргөзмө куралдарды компьютердин …

Нарын облусунда атактуу мугалим А. Койчумановдун 100 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

Арстан Алай табылды

Өзүн “жаңы Кудай” деп атаган, Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган Арстанбек Абдылдаев УКМК СИЗО сунан табылды. УКМК нын маалымат кызматы 15-декабрда билдиргендей ал КЖК нин 330 беренесинин 1- бөлүмү (диний кастыкты козуткан) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал эми анын туугандары ушул жылдын 14-декабрында ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча белгисиз экендигин билдиришип, жашаган дареги …

Арстан Алай табылды Толугу менен »