DOLON MEDIA

Кемпир-Абад иши: шаардык сот абактагыларды камакта калтырды

28-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандарды камакта калтырды.

29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Арыз канааттандырылган жок. 28-декабрда шаардык соттун алдында абакта жаткан шектүүлөрдүн жакындары сот отурумунун ачык өтүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү.

Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.