DOLON MEDIA

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бишкекте абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-январда өттү. Анын үйүнө туугандары, санаалаштары жана айылдаштары чогулуп, жаназасы окулду. Чыгып сүйлөгөндөр Абдылдаевдин ишмердүүлүгүн, кайрымдуулук иштерин айтышты. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылына коюлду.

Башкы прокуратура 6-январда Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарынын аракетине укуктук баа берилерин билдирген. Анын алдында ЭлТР мамлекеттик телеканалы Арстанбек Абдылдаевдин акыркы мүнөттөрү деген видео сюжет жарыялады. Анда кабарчы маркумдун “өзүнүн жанын кыйганга даярдык көргөн учурлары видео көзөмөлгө түшкөн” деп айткан. Материалда 31-абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков Абдылдаев ашканада “сүлгү менен электр чайнектин боосуна асынып калганы 5-январда таңкы саат 5.15те аныкталганын” маалымдаган. Маркумдун жакындары окуяны териштирүүнү талап кылып жатат. Абдылдаевдин кызы Аксана Арстанбекова атасынын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, бирок эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесинде которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын билдирген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.