DOLON MEDIA

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды

Казакстанда кызамыктан эки бала чарчап калганын 28-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетова билдирди. Маалыматка караганда, эки наристе тең бирге чыга элек болчу. 25-декабрга карата расмий маалымат боюнча Казакстанда кызамык жуктургандардын саны 27 миңге жетти. Бийлик илдеттин жайылышынын себебин вакцинациядан баш тарткандардын көптөгүнөн көрүүдө.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Казакстан кызамыктын (корь) жайылышы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунга чыкканын билдирген. Алдыңкы эки орунда Йемен менен Индия турат.

Кыргызстанда 2023-жылдын башынан бери кызамык (корь) оорусун жуктургандардын саны 5 900 адамга жетти. Алты бала чарчап калды. Бул тууралуу 22-декабрда Министрлер кабинетинин кызамык оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык абалды талкуулаган жыйынында айтылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, республика боюнча быйыл 10 айда кызамык, паротит жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөөлөрдүн вакцинанын биринчи дозасы менен камтылышы 76%, экинчи дозасы 76,5% түздү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.