DOLON MEDIA

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алайдын сөөгү асылган абалда табылганын билдирди

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаевдин сөөгү 5-январда эртең менен Жаза аткаруу кызматынын атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Абдылдаевге “инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация” деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда врач-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган.

29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган.

Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен Абдылдаевге “такталбаган психотикалык инсандык бузулуу, коронардык жүрөк оорусу бар” деген диагноз коюлган. Өтө жогорку тобокелдиктеги гипертониялык оору жана клиникалык диагнозду тактоо үчүн врач-психиатрлардын комиссиялык текшерүүсүн жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган.

“Сөөктү алгачкы кароодо дене жаракаттары табылган эмес. Өлүмдүн чыныгы себебин жана механизмин аныктоо максатында комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты милициянын каттоосуна алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды”,- деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Абдылдаев 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болгонун анын адвокаты Кайсын Абакиров айтып чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстанбек Абдылдаев “диний кастыкты козуткан” деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып коюлган. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдерди туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө анын жашаган жеринен жана лекция өтүүчү жайынан бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган. Бишкектин Октябрь райондук соту Арстанбек Абдылдаевди 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Адвокат Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганын, бул тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирди. 2020-жылы Арстанбек Абдылдаевдин “мен Кудаймын” деген сөзү атайын экспертизага берилгени кабарланган. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, андан кийин милиция Арстанбек Абдылдаевге карата Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу”) боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Кийин милиция бул иште кылмыштын курамы жок экенин негиз кылып, иш кыскартылган.

Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Ал шайлоо алдында өткөн дебатта мамлекет башчы Садыр Жапаровду сындаган сөздөрдү айткан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.