DOLON MEDIA

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев бүгүн, 29-декабрда 84 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун тажиясы 31-декабрда болот, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. “Кечки троллейбус”, “Замандаштын дүйнөсү”, “Жарыктын ыры”, “Эки аска” өңдүү ондогон китептердин автору Сүйөркул Тургунбаев 1940-жылы Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында туулган.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны. 1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин эмгек жолун 1964-жылы Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили саба-гынан мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1966-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, 1986–1988-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи болуп иштеген. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Бизде баары сүйлөйт» деген ат менен 1966-жылы басылып чыккан. Ал бир катар ырлар жана поэмалар жыйнактарынын, адабий сын макалалардын автору, В.Маяковскийдин, М.Ю.Лермонтовдун, И.Чавчавадзенин, Я.Шивазанын ырлары, моңгол элдик поэзиясын жана башкаларды кыргызчага которгон.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.