Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы, Учкун айылында жайгашкан Э. Токсобаев атындагы мектептин башталгыч класстары үчүн окуу корпусу 4,6 млн сомго оңдолуп, 29-декабрда пайдаланууга берилди. Акимдин социалдык иштери боюнча орун басары А. Орозказиеванын маалыматы боюнча бул корпус түрткү берүүчү гранттын эсебинен жаңыланды. Жалпы нарктын 2 млн 12 миңге чукул жергиликтүү бюджеттен бөлүнду. Эми башталгыч класстын окуучулары жаңы корпуста окушат.
![](https://dolon.kg/wp-content/uploads/2023/12/2374315.25d8b9aa6331a6af6b82a747ea83fc03-1.jpg)