DOLON MEDIA

Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды

Кыргызстандын футбол курама командасы Азия Кубогу-2024 мелдештерине катышуу үчүн 6-январда Катардын Доха шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси кабарлады. Кыргызстандын тобу ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышмакчы.

Буга чейин башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган, жаш команданы алып барары белгилүү болгон. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде Алимардон Шүкүров жараатынан улам мелдешке катыша албасы айтылган.

Мелдештерди утурлай команда алгач Ысык-Көлдө машыгып, 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында текшерүүчү оюндарды өткөргөн. Катарда 12-январдан 10-февралга чейин өтчү Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 24 команда тандалып, төрттөн алты тайпага бөлүнгөн. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.Кыргызстан F тайпасында туш келип, Сауд Арабиясы, Тайланд жана Оман командасы менен упай талашат. Тагыраагы, 16-январда Тайланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде болсо Оман менен ойнойт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.