DOLON MEDIA

Садыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Иса пайгамбардын туулган күнүнө байланыштуу өлкөдөгү православдарды куттуктады.

Ал “элдин эң башкы байлыгы биримдик” экенин белгилеп, “достук, ырашкерлик жана өз ара түшүнүү мамилелерди көздүн карегиндей сактоо керектигине” токтолду. Ар бир кыргызстандык жаран “динине, этносуна карабай бирдей укугу жана милдети бар” экенин айтты. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда православдар 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдайт. Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары кызыл менен белгиленген. Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.